Пример HTML-страницы

Беш нерсени имам кылбаса жамаат да кылбайт: 

https://kyrgyzcha.site/?p=55881&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Беш нерсени имам кылбаса жамаат да кылбайт:

1. Имам «Кунут» окубаса, жамаат дагы окубайт.

2. Имам Айт намазындагы такбирлерди кылбаса, жамаат дагы

кылбайт.

3. Имам төрт рекеттик намаздын экинчи рекетинде отурбаса,

жамаат дагы отурбайт.

4. Имам сажда аятын окуп, сажда кылбаса, жамаат дагы сажда

кылбайт.

5. Имам сахв саждасын кылбаса, жамаат дагы кылбайт.

Төрт нерсени имам кылса жамаат кылбайт:

1. Имам экиден көп сажда кылса, жамаат кылбайт.

2. Имам Айт намазынын такбирин үчтөн ашык кылса, жамаат

кылбайт.

3. Имам жаназа намазында төрттөн ашык такбир кылса, жамаат

кылбайт.

4. Имам бешинчи рекетке турса, жамаат турбайт,

имамды күтөт, бирге салам беришет.

Он нерсени имам кылбаса да жамаат кылат:

1. Ифтитах такбиринде колду өйдө көтөрүү.

2. «Субханака» окуу.

3. Рукуга ийилип жатканда такбир айтуу.

4. Рукуда таспих окуу.

5. Сажда кылып, өйдө туруп жатканда такбир айтуу.

6. Саждаларда таспих окуу.

7. «Самиаллаху» деп айтпаса да «раббана лакал хамд» деп

айтуу.

8. «Аттахиййатуну» акырына чейин окуу.

9. Намаздын акырында салам берүү.

10. Курман Айтта жыйырма үч фарздан кийин салам берээри

менен дароо такбир окуу. Бул жыйырма үч такбир «ташрик

такбирлери» деп аталат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE