Пример HTML-страницы

Катуу сел Аравандагы айылга баруучу жолду жарактан чыгарды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунун Араван районундагы катуу сел Кара-Булак айылына баруучу ички жолду жарактан чыгарды. Бул тууралуу президенттин Оштогу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 6-май күнү мөндүр аралаш нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Булак айылына баруучу 30 метр жол бузулган. Окуя болгон жерге облус жетекчиси Элчибек Жантаев, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов, Араван районунун акими Сейтек Кулубаев, ошондой эле тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери барышты.

Жеринде өткөн жыйында керектүү техника, күйүүчү май жана башка каражаттар менен камсыздоо боюнча чечимдер кабыл алынды. Кара-Булак айылына баруучу жолду тез арада калыбына келтирүү милдети коюлду.

Бүгүн кечке чейин бир багытка жол ачып, эл үчүн коопсуз каттам түзүп, селдин нугун бурууну тездетүү тапшырылды. Ошондой эле башка кооптуу аймактарда алдын алуу иш-чараларды күчөтүү керектиги белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE