Пример HTML-страницы

Таш-Көмүрдө 70тен ашык адам Нарын дарыясынан 6 жаштагы баланы издеп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 6 жаштагы бала изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кызыл-Алма айылынын Акшаар участогунда 23-апрель күнү саат 18:50 чамасында Нарын дарыясына 2018-жылы туулган Н.Н. агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. 23-24-апрель күндөрү издөө иштери жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, натыйжа болгон эмес.

Бүгүн, 25-апрелде издөө иштерине Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын Таш-Көмүр шаарында жайгашкан №6 өзүнчө мобилдик тоо кырсыгынан куткаруу взводунан 5 куткаруучу, №2 өзүнчө издөө куткаруу отрядынан 3 суучул, 12 куткаруучу, ШИИБден 9 кызматкер, жоголгон баланын жакындарынан 45 жаран тартылды. Алар Нарын дарыясында кайык менен жана жөө издөө жүргүзүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE