Пример HTML-страницы

ДҮНҮЙӨ АЗГЫРЫГЫНАН ТЫЙЫЛУУНУН ПАЙДАСЫ

https://kyrgyzcha.site/?p=55893&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Бисмиллаахир рахмааниир рахиим.

 

💎 ДҮНҮЙӨ АЗГЫРЫГЫНАН ТЫЙЫЛУУНУН ПАЙДАСЫ 💎

 

Риваяттарга караганда, Расулуллох саллаллаху алейхи васаллам үч тал чырпык алып, биринин алдына экинчисин, анын жанына үчүнчүсүн алысыраак сайып, минтип айтты:

 

— Бул эмне экендигин билесиңерби?

 

— Алла жана Анын Элчиси билүүчүрөөк, — дешти.

 

— Мына бул инсан, мунусу ажал, ал эми тигиниси болсо инсандын арзуу — кыялдары. Адам баласы арзуу — кыялга берилет. Ажал аны далбасага салганда арзуу — кыялдардан белги калбайт», деди Пайгамбар алайхис салам. (Ибн Ахмад риваяты)

 

Пайгамбар алайхис салам айтты:

 

«Адам баласынын айланасында токсон тогуз өлүм бар. Эгерде бул өлүмдөр адам баласын белгиге алууда адашса, ал каарылык тарапка бет алат» (Тирмизий риваяты).

 

Ибн Масъуд айтты: » Кишинин айланасындагы өлүмдөр ага алып баруучу көчөлөр. Анан карылык келет, анан арзуу — кыял. Киши арзуу — кыялга берилсе, өлүм көчөлөрүнө кирип барат. Өлүмдөргө анын арзуу — кыялдарын кармоого буйрулат. Эгерде өлүмдөр адашса, баары бир карылык бул арзуу — кыялдардын башына жетет. Инсан болсо алардын жүзөөгө чыгышын күтө берет».

 

Абдулло айтты: «Расулуллох саллаллаху алейхи васаллам бизге төрт бурчтук үлгүсүндө сызык сызып, анын ортосуна узун сызык сызды. Бир сызыктын учун төрт бурчтуктун сыртына чыгарып койду да:

 

— Билесиңерби бул эмне? — деп сурады.

 

— Алла жана анын Элчиси билүчүүрөөк, — дедик.

 

— Төрт бурчтук болуп, инсанды ороп турган сызык анын ажалы. Кыска сызыктар дүйнөдө жете турган жамандыктар болуп, эгерде инсанды бул жамандык адаштырса, мунусунун, ал жамандык адаштырса, тигинисинин жабырын тартат. Учу сыртка чыккан сызык бул инсандын арзуу — кыялдары». (Бухарий риваяты).

 

Анастан «Расулулоох саллаллаху алейхи васаллам айтты:

 

» Адам баласы картаят. Андагы эки касиет: дүйнөгө кызыгуу жана арзуу — кыял такыр картайбайт». Дагы бир риваятта: «Эки касиет жашара берет: мал — дүйнөгө жана өмүргө кызыгуу» (Имам Муслим риваяты).

 

Бул үммөттүн оболкусу якин (анык, күмөнсүз ишенүү) жана такыбалык, дүнүйөдөн алыстоо себептүү ийгилик тапты. Бул үмөттүн акыркысы сараңдык жана арзуу — кыялдарга берилүү себептүү куруйт» (Ибн Абу Дуня риваяты).

 

Айтымдарга караганда, «Иса алайхис салам күрөк менен жер оодарып жаткан карыяга көзү түшүп:

«Оо Алла, бул карыядан арзуу — кыялдын туйгусун алып кой», деди.

 

Бир убакта карыя колундагы күрөктү таштап, четирээкке чыгып, жатып алды. Иса алайхис салам дагы дуба кылды: «Оо Алла, ага арзуу кыялды кайтар».

 

Карыя ордунан туруп, кайра иштей баштады. Иса алайхис салам таң калып, карыядан бул абалдын сырын сурады. Карыя айтты:

 

— Иштеп жаткан убагымда нафсим:

«Качанга чейин иштейсиң, өзүң бир каарыган абышка болсоң?» деди. Дароо күрөктү таштадым да созулуп жатып алдым. Бир аздан кийин нафсим мага: «Аллага ант болсун, сен дагы калган өмүрүңдү да жашашың керек», деди. Ошол замат ордумдан туруп, күрөккө жабыштым».

 

Хасан риваят кылат: » Расулулоох саллаллаху алейхи васаллам айтты:

 

— Бейишти баарыңар жакшы көрөсүңөрбү?

 

— Албетте, оо Алланын элчиси, — дешти.

 

— Арзуу — кыялдардан тыйылгыла, ажалды дайым көз алдыңарда туткула! Алладан чындап уялгыла»

 

Расулуллоох саллаллаху алейхи васаллам айтчу:

 

*»Оо, Алла! Акырет жакшылыгынан тосо турган дүнүйөдөн сакта! Өлүмдүн жакшылыгын тосо турган жашоодон сакта! Жакшы амалды тосо турган арзуу — кыялдан сакта!».* (Ибн Абу Дуня риваяты).

 

ДҮЙНӨГӨ КЫЗЫГУУДАН ТЫЙЫЛУУНУН ПАЙДАСЫ,

АГА БЕРИЛҮҮНҮН СЕБЕПТЕРИ ЖАНА БУЛ ДАРТТЫН ДАБАСЫ.

 

Расулуллох саллаллаху алейхи васаллам Абдуллох ибн Умарга айтты:

 

«Эртең менен ойгонсоң, кечтин арзуусун кылба!

Кечинде жатканыңда, таңдын арзуусун кылба!

Жашооңдон өлүм үчүн, саламаттыгыңдан ооруң үчүн үлүш ажырат. Аткени, эй Алланын пендеси, эртең кандай наам алышыңды билбейсиң» (Имам Бухарий риваяты).

 

Азирети Али (Алла анын жүзүн нурдуу кылсын) Расулуллох саллаллаху алейхи васалламдан мындайча риваят кылат:

 

*»Эки нерсе бар, силерге ал экөө аркылуу зыян жетүүдөн кооптономун: менменсинүүгө берилүү жана арзуу — кыялдарга берилүү. Менменсинүүгө баруу — Хакдан (Алладан) тосулуу, арзуу кыялдарга берилүү дүнүйөнү жакшы көрүү*.

 

Эсиңерде болсун! Алла Таала дүнүйөнү сүйгөн пендесине да, сүйбөгөн пендесине да берет. Ал эми ыйманды сүйгөн пендесине гана берет.

 

Эсиңерде тутукула! Диндин да, дүнүйөнүн да балдары бар. Силер дүнүйө баласы эмес, дин баласы болгула. Билгиле, дүнүйө силерге артын салуучу, акырет болсо бет алдыдан чыгуучу.

 

Эсиңерде болсун! Бул күн амал күнү, анда эсеп жок. Дагы эсиңерде болсун! Эсеп күнү жакын, ал күндө амал кылуу жок!» (Ибн Абу Дуня риваяты).

 

Умму Мунзир айтты:

 

*»Бир күнү кечинде Расулуллох саллаллаху алейхи васаллам:*

 

*»Эй адамдар! Алладан уялбайсыңарбы?!»* деди.

 

«Эмне үчүн оо, Расулулоох?» дешти алар.

 

*»ЖЕЙ АЛБАЙ ТУРГАН НЕРСЕЛЕРДИ ТОПТОЙСУҢАР, ЖЕТЕ АЛБАЙ ТУРГАН НЕРСЕЛЕРДЕН ҮМҮТ КЫЛАСЫҢАР, ИЧИНДЕ ЖАШАЙ АЛБАЙ ТУРГАН ҮЙЛӨРДҮ КУРАСЫҢАР»*, деди Пайгамбар саллаллаху алейхи васаллам». (Ибн Абу Дуня риваяты).

 

Абу Саъид Худрий айтты: «Усама ибн Зайд акчасын бир айдан кийин берүү шарьы менен Зайд ибн Сабиттен жүз динарга күң сатып алды. Мунун кабары Расулуллох саллаллаху алейхи васалламга жетип, ал зат:

 

«Акчасын бир айдан кийин келишкен Усамага таң калбайсыңарбы?! Ооба, чынында, Усама арзуу кыялдарга берилиптир! Жаным колунда болгон Зат менен ант беремин, ар дайым көзүмдү жумуп — ачкан сайын: жумулган көзүмдү жапкан кабактарым кайрадан көтөрүлгөнчө, Алла Таала жанымды албас бекен, деген күмөнгө барамын. Бир үзүм тамакты оозума салсам, аны жутканга үлгүрбөй: ушул үзүм кекиртегимде калып кетпес бекен деген коопто боломун.

 

Эй адам балдары! Эгерде акыл — эсиңер ордунда болсо, өзүңөрдү өлүктөрдөн деп санагыла.

 

Жаным колунда болгон Зат менен ант беремин, деп

 

*»Албетте силерге убада кылынган нерсе шек — күмөнсүз келүүчү»* деген Анъам сүрөсүнүн, 134-аятын тафсир кылды».

(Ибн Абу Дуня, Табароний жана Байхакий риваяты).

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE