ОРОЗОНУН РУХИЙ ПАЙДАЛАРЫ

https://kyrgyzcha.site/?p=56354&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

=ОРОЗОНУН РУХИЙ ПАЙДАЛАРЫ =

 

Мурдараак айтып өткөнүбүздөй, адам баласы дене менее рухтан куралып жаратылганы белгилүү. Бул экөөнүн ар бири адам баласын өз айлампаларында аракеттенүүгө далалат жасашат. Ошондуктан, адам организминин материалдык жагы-напси кумарларына жана айбанга таандык каалоолорго күчтүү талапкер. Адамдын денсине таандык бул тарабы Курани Каримде бизге мындайча сүрөттөлгөн.

《Акыйкатта, Биз шыгыраган кургак чоподон, баткактан инсанды жараттык》. (Хижр сүрөөсү, 15/26)

《Алардан сурап көр: аларды Жаратуу кыйынбы же башка жараткандарыбыз кыйынбы? Чындыгында аларды жабычаак ылайдан жаратканбыз》. (Саффат сүрөөсү, 55/14)

《Ал, инсанды бышырылган чоподой кургак ылайдан жааткан》. (Рахман сүрөөсү, 55/14)

Адам баласынын экинчи тарабы болгон руху болсо, ага жаратылуу максатын эскерткен, жакшы нерселерди жасоого үндөп, моралдык таза ааламдарга баштаган, ачка жана суусуз калса да эбегейсиз ырахат сездирген,жамандыктарды жек көргүзүп, андан качууга түрткү болгон руханий улуулуктарга эгедер кылынып жаратылган.

Адам денесинде рухтун бийлиги алсыраса же денеси гана баарын бийлеп калса, адам напси кумарларынын артынан гана чуркап калат. Акылдын чектерин жана дин эрежелерин көзгө илбей, бардык аң-сезимин кара курсактын камына жумшап, түрлөнүп жеп-ичсем дегенди каалап, башка андан да пайдалуу нерселерге анчейин көңүл бурбай калат. Мындай адамдын ой-кыялынын чордонунда кызыл кекиртек гана болуп, аш казандын айланасында «кырман баскан өгүздөй «айланып жашаганын өзү да сезбеген абалда жашайт. Мындай адамдар ккрек болсо илимдүү, маданияттуу, ого эле «культурный «болуп көрүнсө да, түпкүлүгүндө жемкананы тегеренген эшектен, саман кепшеген өгүздөн эч айырмасыз абалга келишип, жашоо чөйрө ашкана менен эс алуучу жайдын арасында чектелип калган болот. Мындан башка эч кандай маанилүү эреже-принциптер аларга кереги жоктой сезилип, туура жашоо жолунан, деги эле аркы дүйнөнүн жашоосунан кабардар болгусу келбей, муну каалабай каалабай калышат. Жеп-ичүү жана оюн-зооктон башка, жалмап жутуу үчүн тытынып акча табуудан башка кайгысы да болбойт. Кара курсактын камынан башка эч кайгысы жок мындай адамдардын абалын Курани Карим аяттарынан да туура сүрөттөп бере алган башка сөз жок:

《Кудайды тааныбагандар болсо, тек гана жыргалчылык кууп, айбандар жегендей жешет, алардын барар жайы тозок》. (Мухаммед сүрөөсү, 47/12)

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️