Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө 17 жылдан бери изделип жаткан жаран кармалды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл облусунда 15 жылдан ашык издөөдө жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 24-25-апрель күндөрү өткөн «Издөө» операциясынын жүрүшүндө Жети-Өгүз районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2007-жылдан бери издөөдө жүргөн Түп районунун 46 жаштагы тургуну С.М. кармалды.

2006-жылдын ноябрь айында кармалган С.М. өзүнүн шериктери А.Т. жана У.К. менен алдын ала сүйлөшүп алышып, Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылынын тургундарына тиешелүү эки баш жылкыны уурдап кетишкен. Анын кесепетинен мал ээлерине жалпысынан 40 миң сомдук материалдык чыгым келтирилген.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.Т. жана У.К. кармалган болчу. Ал эми С.М. изин жашырып, качып кеткендиктен издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE