Пример HTML-страницы

Оштогу ооруканага министр менен депутаттар баргандан кийин дарыгерлер топтолду. Видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 8-майда Ош облустар аралык балдардын жана өспүрүмдөрдүн кургак учукка каршы күрөшүү ооруканасынын кызматкерлери нааразычылык акциясына чогулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Алардын айтымында, эс алуу күнү саламаттыкты сактоо министри жана Жогорку Кеңештин депутаттары келип, оорукананын аймагына ипотекалык үй курула турганын айтып кетишкен. Ооруканадагы кызматкерлер бул чечимге нааразы.

«Ош облустар аралык балдардын жана өспүрүмдөрдүн кургак учукка каршы күрөшүү ооруканасы жалпы түштүк аймак боюнча жалгыз оорукана. Бизде 1 жаштан 18 жашка чейинки Жалал-Абад, Баткен жана Ош облусунан балдар келип, дарыланып кетишет. 2017-жылга чейин 150 орундуу болчу. Андан кийин 110 орунга кыскартылган. 2022-жылы 100 орунга, кийинчерээк дагы 40 орунга кыскартылып, 70 орундуу болуп калды. Бизде Жалал-Абад облусун кошпогондо Баткен облусунан 247 миң 206 бала, Ош облусу боюнча 604 миң 570 бала каттоого алынган. Алардын баары бизге келип, кургак учуктан дарыланып кетишет. Мындан сырткары биздин ооруканада балдар үчүн атайын мектебибиз, мугалимдерибиз бар. Балдар дарыланганча билим дагы алышат.

Ишемби күнү [4-май] министр Алымкадыр Бейшеналиев шаардагы ооруканалардын жетекчилери менен келип, биздин аймакты көрүп, оорукананын ичине медицина кызматкерлерине ипотекалык үй салып беребиз деп кетишти. Андан сырткары Жогорку Кеңештин депутаттары келип, биздин жерди көрүп, үй салса болорун айтып кетишкен. Ошол себептен биз, жалпы кесиптештер нааразычылыгыбызды билдирип чогулуп жатабыз», — деди аталган оорукананын башчысынын милдетин аткаруучу Санавар Ражапова.

Оорукананын дарыгери Асел Абдиева көп кабаттуу үй куруу планы ишке ашса, балдар ооруканасын негизги оорукана [Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору] менен бириктирүү каралышы мүмкүн деген маалыматтар айтылып жатканын кошумчалады.

«Бизде ооругандар жылдан жылга көбөйүп жатат. Бул оору чоңдор менен байланыш болгон учурда өсөт. Арасында оор абалда келгендер да болот. Эми чоңдор менен бириктирип коё турган турган болсо, алардан дагы өнөкөт ооругандар менен бирге оору күчөп кетиши мүмкүн. Бул нерсе такыр туура келбейт деп ойлойм. Биздин оорукана бейтаптар үчүн ыңгайлуу, ошондуктан үй салгандын ордуна балдар үчүн иштеп берсе жакшы болмок», — деди Абдиева.

Дагы бир дарыгер Гүлнара Рысбаеванын айтымында, мурункуга салыштырмалуу ооруканага өнөкөт оорулар менен келген балдар көбөйүп жатат.

«Кургак учуктун ачык түрү менен көп катталат. Ошол үчүн биздин оорукана сакталышы керек. Балдар биздин келечегибиз, аларга жардам берилсин, үйдүн курулушуна каршыбыз», — деди ал.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча координатору Шаятбек Абдурахманов учурда ипотекалык негизде үй куруу үчүн жер каралып жатканын билдирди.

«Кургак учук ооруканасынын жерин, дагы бир нече жерди министр өзү келип карап кеткен. Бирок жер тандала элек. Дарыгерлер өздөрү эле паникага алдырып жатышат. Негизи Ошто 2 миң медицина кызматкери үйгө муктаж. Мындан улам батир маселесин чечүү максатында медицина кызматкерлерине да ипотекалык негизде үй салынса жакшы болот. Учурда Жалал-Абадда салынып жатат. Эми Ошто да жаш дарыгерлер үчүн батирлерди куруу каралууда», — деди Абдурахманов.

2024-жылдын 6-майында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ош шаарына келген. Ал Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында 300 орундуу медициналык мекеменин имаратынын курулушуна капсула салуу аземине катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE