Пример HTML-страницы

Сыйкыр жана көз тийүүдөн кантип коргонуу керек? 

https://kyrgyzcha.site/?p=56390&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Сыйкыр жана көз тийүүдөн кантип коргонуу керек?

Акыркы убакта көз тийүү, дубалоо, сыйкырлоо ж.б.тууралуу көп угуп келебиз. Көптөгөн адамдардын көзү ачыктарга бирөөнү ысытма окутуп башын айлантып алуу, бирөөнүн никесин бууп коюу, бирөөгө оору/жамандык жиберүү үчүн кайрылып жатканы абдан көбөйдү. Тилекке каршы акыркы убакта көчү ачыктарга кайрылуу жагынан мусулмандар каапырлардан кем калышпай калды.

Ислам чоң аалымы ибн Куддама «Сыйкыр» сөзүнө аныктама берип жатып мындай дейт: «Бул жипте байланган түйүндөр, айтылчу жана жазылчу кандайдыр бир сөздөрдү камтыган дубалар. Сыйкырдын бар экендиги анык жана сыйкыр адамдын акылына жана жүрөгүнө таасир бере алат. Адамды өлүмгө дуушар кылуучу, тукумсуздукка алып келүүчү, жубайларды ажыраштыруучу, жубайлардын биринин экинчисине кыжырын келтирүүчү, бирөөнү байлап алуучу сыйкыр бар». Куръанды өзүндө да сыйкырдын бар экендиги тууралуу айтылган: «Сулайман (пайгамбар)дын падышалык доорунда шайтандар үйрөткөн нерселерге (сыйкырга) ээрчип калышты. Сулайман каапыр (сыйкырчы) болгон эмес, бирок, адамдарга сыйкырды үйрөткөн шайтандар каапыр болушкан.» («аль-Бакара», аят 102). Башка аятта айтылат: «Анан сыйкырчылар сажда кылган абалда жерге бой таштап: «Муса менен Харундун Раббисине ыйман келтирдик!» дешти» (Та Ха -20 аят). Дагы бир аятта мыйдай деп айтылат: «. Айт (о, Мухаммад)… Таңдын Раббисинен коргоо тилеймин: … Түйүндөргө дем салган сайкырчылардын жамандыгынан» (Аль-Фаляк сүрөсү 1 жана 4 аяттар).

Бану Зурайк уруусунан болгон Лябидин аттуу яхуд (жөөт) Аллахтын элчисине (салаЛлаху алейхи уа Салам) сыйкыр окутуп, ал (салаЛЛаху алейхи уа Салам) катуу ооруп калган окуяны баары эле билсе керек. Ошондо Жебирейил (алейхи Салам) периште келип сыйкыр окулган нерсе Бану-Зурайк уруусуна таандык Зарван деген кудуктун түбүндө жатканын айтат. Аллахтын элчиси (салаЛлаху алейхи уа Салам) ал сыйкыр окутулган нерсени алып келгиле деп сахабаларын жөнөтөт. Ал сыйкыр окутулган нерсе пайгамбарыбыздын (салаЛлаху алейхи уа Салам) чачтары бар тарак болуп чыгат. Ушул окуя Куръандын «аль-Фаляк» жана «Ан-Нас» сүрөлөрүнүн түшүшүнө себеп болот. Эки сүрөө биригип 11 аяттан турат, б.а. пайгамбарыбыздын (салаЛлаху алейхи уа Салам) чачында окутулган түйүндөрдүн санына барабар. Аллахтын элчиси (салаЛлаху алейхи уа Салам) бирден аятты окуп, ар бир түйүндү чечкен сайын ал өзүн жакшы сезип баратты.

Сыйкыр илимин жашоодо колдонуу же андай максатта эмес жөн эле үйрөнүүгө болобу?

Улуу аалым жана Куръан тафсирчи ибн Касир айтты: «Пайгамбардын (салаЛлаху алейхи уа Салам) сахабалары, табииндер жана мусулман имамдары (мисалы төрт мазхабдын имамдары) мужизатты караматтан ажырата таанышкан жана эч бири сыйкыр эмне экендигин билишкен эмес ошондой эле аны окуп үйрөнүшкөн эмес жана аны эч кимге үйрөтүшкөн эмес. Аллах Уалим!». Абу Хайяндын ү «Аль-Бахр аль-Мухит» деген китебинде айиылат: «Бирѳѳнү сыйкырлаганда шарттуу түрдө бирөөнү же бир нерсени кудай кылып, ага сыйынышат: жылдыздарды, шайтандарды… аалымдардын биргелешкен оюу боюнча (ижма) сыйкырчылык кылуу куфр болуп эсептелет. Сыйкырчылык илимин үйрөнүү жана бирөөгө уйрөтүүгө тыйуу салынат».

Эми имамдардын сыйкырчы-көзү ачыктарга мамилелерин карап көрөлү.

Имам Малик (Аллах андан ыраазы болсун) сыйкырчылар жөнүндө мындай деген: «сыйкырчылык кылган адам Аллах Куръанда «Жана алар пайдалуу нерсени эмес, өздөрүнө зыян жеткире турган нерселерди үйрөнүштү. Алар, (яхудийлер) аны (сыйкырды) сатып алгандар үчүн Акыретте насип жок экенин билишет болчу. Жандарынын (азапка калуусунун) эсебине сатып алган нерселери кандай жаман! Алар муну билишсе кана!» (аль-Бакара», аят 102). Сыйкырчылык менен амал кылган көзү ачык жазага тартылышы керек деп эсептейм».

 

Имамдар Абу ханифа, Малик, Аш-Шафии, Ахмад ибн Ханбал, Абу Саур и Исхак сыйкырчылык кылган мусулман тоба кылса дагы зына кылып тоба келтирген адам сыяктуу эле жазага тартылышы керек деген чечим чыгарышкан.

Пайгамбарыбыздын (салаЛлаху алейхи уа салам) сахабасы жана экинчи рашид-халиф Умар (Аллах андан ыраазы болсун) ар бир эркек жана аял көзү ачыкты жазага тартууга өкүм чыгарган. Ошондон соң 3 көзү ачык өлүм жазасына тартылган.

Сыйкырчы жана көзү ачыктарга кайрылуу.

Сыйкырчы жана көзү ачыктарга кайрылуу боюнча сахих хадите мынлдайча айтылган: «кимде ким көзү ачыкка кайрылып, анын айтканына ишенсе Мухаммадка түшкөн нерсеге каапырчылык кылыптыр» («Джами уль-ахадис», 34797).

Башка хадисте айтылат: «Үч адам Бейишке кирбейт: аракеч, бир туугандык мамилени үзгөндөр жана сыйкырды туура деп эсептеп, ага ишенген адам». («Джами уль-ахадис», 11256).

Сыйкыр жана дубалагандан кантип сактануу керек?

Төмөндө биз сыйкыр жана көз тийүү, дубадан кантип коргонуу керектиги боюнча кеңешмелерди беребиз, аларды канчалык үзбөй аткарып жүрсөңүз, сыйкыр жана дубадан ошончолук көбүрөөк сактанган болосуз, ин шаа Аллах.

1. Ар бир иште ыхластуулук. Ыхластуу мусулмандарга бийлиги өтпөсүн керек болсо Иблис өзү айтты , бул жөнүндө Куръанда айтылат: «(Иблис) айтты: «О, Раббим! Мени адаштырганың үчүн мен аларга жердеги(күнөө нерсе)лерди кооз көргөзүп, бардыгын азгырамын! Алардын арасынан ыкластуу пенделериңден башкасын» (Аль-Хижр, 39-40).

 

2. Адам өзүн Аллахтын кулу деп сезип, аны тастыктоо. Кулчулуктун ыхластуулугу болуп Аллахка жана Анын элчисине болгон сүйүү эсептелет, ал эми бул сүйүүнүн белгиси болуп акыйкат жол — Аллахтын дини менен жашоо болуп саналат.

3. Мусулман жамаатында болуу. Жамаатта болуу шайтанды качырып, Аллахтын ыраазычылыгын чакырат. Чындыгында карышкыр да короодон бөлүнүп калган койго кол салат. Пайгамбар (салаЛЛаху алейхи уа салам) айтты: «Көпчүлүктүн ичинде болуп, бөлүнгөндөн алыс бьогула! Чынында шайтан жалгыз адам менен болот, ал эми эки адамдан алыс болот», б.а. качат. Кимде ким Бейиштин ортосунда боллгусу келсе – жамаат менен болсун». (Сунан ат-Тирмизи, 2091).

4. Парз намаздарды жамаат менен окуудагы туруктуулук. Пайгамбар (салаЛЛаху алейхи уа салам) айтты: «Жок дегенде үч киши жашаган жана жамаат намаз окулбаган бир дагы айыл же чатырдан турган шаарча жок, эгерде аларды шайтан бийлеп гана албаса. Чынында карышкыр бөлүнүп калган койду жейт» («Джами уль-ахадис», 20433).

5. Куръан жана Пайгамбардын (салаЛлаху алейхи уа салам) сүннөтүн ээрчүү.

6. Аллахка ибадат кылуудагы тырышчаактык. Мусулмандын ынтаалык менен ибадат кылуусу шайтанды качырып, аны басынтат. Абу Хурейрадан келген хадисте айтылат: «Качан Адамдын (алейхи салам) тукумунан бирөө-жарым аяту-с-саджданы (Куръандагы саджда жөнүндөгү аят, ал аятты окугандан кийин саджда кылуу керек) окуп, садждага жыгылганда, шайтан ал адамдан ыйлаган бойдон «О, мага азаптар болсун! Адамдын (алейхи салам) саджда кылуу буйрулду жана ал саджда кылды, ушунусу менен ал Бейишке кирет, ал эми мага саджда буйрулганда мен баш тарттым, бул үчүн мага жаза Тозок болот!» деп алыс кетет» (Сахих Муслим, 115).

7. Аллахтын Өзүнөн коргоо суроо. Мисалы «Аъузу биЛляхи мин-аш шайтани ар-раджиим» (Аллахтан мен каргыш тийген шайтандан сакташын сурайм) деп Аллахка коргоо сурап кайрылуу. Чынында шайтандан бир гана аны жараткан Аллах гана коргой алат. Ошондуктан коргоону Аллахтан гана суроо керек.

8. Ар дайым даарат менен жүрүү. Мусулман адам даарат менен таза жүргөндө аны Аллах жөнөткөн периштелер курчап, кайтарып турушат. Пайгамбар (салаЛЛаху алейхи уа салам) айтты: «Денеңерди таза кармагыла, чынында, Аллахтын кулу даарат менен жатканда анын жанында периште кайтарып, аны таштап кетпей таң атканча «О Аллах, бул кулуңду кечир, чынында ал тазаланып (даарат алып) жатты» деп кайталап турат» («Джами уль-ахадис», 13943).

9. Түндү ибадат менен жандандыруу. Өзүн сыйкыр жана дубадан сактайм деген адам жок дегенде кээде түнкүсүн нафил намаз окуп турсун. Жана бул иште бошоңдук кылбасын. Анткени бир жолу Пайгамбардын (салаЛЛаху алейхи уа салам) көзүнчө таң атканча уктаган адам жөнүндө айтышканда, Пайгамбар (салаЛЛаху алейхи уа салам) айтты: «Чынында анын кулагына шайтан заара ушатып кеткен!» («Шарх риязу-с-салихин», 1164).

10. Ач карын жети даана курма жеңиздер. Колдон келсе мединалык курма жакшы, бимрок жок болсо курманын баардык түрү боло берет. Пайгамбар (салаЛЛаху алейхи уа салам) айтты: «Ким эртең менен жети курма жесе, ага кечке чейин уу дагы, дуба дагы зыян жеткире албайт» («Умда аль-кари шарх сахих аль-Бухари», 5779).

11. Уйку алдында «Ихлас», «Аль-Фаляк», «Ан-Нас» сүрөлөрүн окуп, өзүнө дем салуу (үч ирээт кайталап) жана аят «аль-Курсийди» ( «Аль-Бакара» сүрөсүнүн 255 аятын) окуу.

Аллахым бизди баардык жамандыктан сактап, күнөөлөрүбүздү кечирген болсун! Амиин!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE