Пример HTML-страницы

Бакай-Атада тылдын ардагерлерине акчалай белектер тапшырылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 9-майда Бакай-Ата районунда Улуу Жеңиш майрам белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чара айыл өкмөт башчыларынын, мекеме-уюмдардын жетекчилеринин, мамлекеттик кызматкерлердин жана жергиликтүү элдин катышуусунда белгиленди. Саамалык салтанаттуу жүрүш менен башталып, Кыргызстандын гимн ырдалып, согушта курман болгондорго куран окулуп, залп атылды. Райондогу ооруктагы эмгектин ардагерлерине акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери жана Ленин атындагы орто мектебинин окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды. Бакай-Ата айыл өкмөтү тарабынан спорттук оюндар уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE