Пример HTML-страницы

Бакыт Кожомуратов Талас шаардык «Таза суу» ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды

Акыркы жанылыктар

TurmushБакыт Кожомуратов Талас шаардык «Таза суу» ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, ишкананын буга чейинки жетекчиси Адилет Токторбаев башка кызматка кеткендигине байланыштуу өз каалоосу менен жетекчилик кызматты бошотту.

Бакыт Кожомуратов 1990-жылы төрөлгөн. Үй-бүлөлү, 2 уул, 1 кыздын атасы. 2014-жылы Талас мамлекеттик университетин аяктаган. 2017-жылга чейин жеке ишкерлик менен алектенген. 2017-жылы Талас шаардык «Таза суу» муниципалдык ишканасында механик болуп эмгектене баштаган. 2023-жылдан тарта ушул эле ишкананын башкы инженери болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE