Пример HTML-страницы

Каракол шаарында Чернобыль кырсыгынын 14 ардагери жашап жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 26-апрелде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында А.С.Пушкин атындагы эс алуу багында Чернобыль кырсыгында каза болгондор эскерилди.

Иш-чарага ардагерлер, шаар тургундары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, кырсыктын кесепетинен каза болгон жарандарга арнап Куран окулуп, эстеликке гүл чамбарлар коюлду.

Учурда Каракол шаарында Чернобыль кырсыгынын 14 ардагери, каза болгон 13 жарандын жубайлары бар. Аларга быйыл колдоо катары жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом бөлүндү.

1986-жылы 26-апрелде Украинадагы Припять шаарына жакын жайгашкан АЭСтин 4-энергия блогунда техникалык авария катталган. Бул кырсык масштабы боюнча ядролук энергетика жаатында эң ири авария болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE