Пример HTML-страницы

БИР КОЗ, ЭКИ КОЗ, УЧ КОЗДУУ КЫЗДАР…

https://kyrgyzcha.site/?p=57515&preview=true Кызыктуу окуялар.

БИР КОЗ, ЭКИ КОЗ, УЧ КОЗДУУ КЫЗДАР…ЖОМОК.

 

Илгери- илгери бир аял жашаган экен, анын уч кызы болот, эн чонун бир коздуу деп аташкан- анын бешенесинде бир коз жайгашкан эле. Экинчи кызынын аты- эки коздуу, ал адамдардан айырмасы жок, эки коздуу болот. Учунчу кызынын аты- уч коздуу, анын учунчу козу бешенесинин ортосунда жайгашкан. Эки коздууну бир туугандары да апасы да жаман корушчу, сен эки козун менен жонокой адамдардан айырман жок, сен биздин уй- булоого караштуу эмессин дешип.

Эки коздуу кордук коруп жашачу бир туугандарынан, апасынан. Дайыма эски кийимдерди беришет эле кий деп, тамакты болсо алардан ашканын жечу, ачка да калган кундору канча. Нары отуп туртуп бери отуп туртуп, каалаганын жасашчу.

Бир куну эки коздуу эчки айдап талаага чыкты кайтарып, тамакты такыр эле аз беришкендиктен карды аябай ачты кыздын.

Таарынычы коодонуно батпай, ыйлап кирди, коз жашы салаалап акты. Башын которсо мандайында аял туруптур. Аял кыздан сурады:

— Эки коздуу сен эмнеге ыйлап жатасын?

— Кантип ыйлабайм, деди кыз. Уйундо коргон кордуктарын айтып берди, кардым аябай ачты деди кыз.

 

Эки коздуу жашынды аарчы, деди аял. Ал периште эле аял кейпин кийип келген. Мен сага азыр айтчу создорду уйротом, сен эми эч качан ачка калбайсын.:

 

Эчким менин мее-е

Стол мага кел…

 

Ушул создорду айтсан алдында стол тамак ашы суусундуктары менен пайда болот. Жеп ичип буткон сон:

 

Эчким менин мее-е

Стол ордуна кет…

 

Стол коздон кайым болот. Кыз башын которсо аял жок кайда бир заматта жоголгонун тушунбоду. Карды ач кыз периште аялдын айтканын жасап коройун деп:

 

Эчким менин мее-е

Стол мага кел…деди эле алдында тыкан стол пайда болду ак дастаркон жабылып ар туркун тамак коюлган, тамактардан буу чыгып азыр бышырылгандай эле. Кыз аялга ыраазы болду отуруп тамагын тойо жеди да

Эчким менин мее-е

Стол ордуна кет… Стол коздон кайым болду. Кечинде уйуно кайтып келип бир туугандары калтырган тамакты корду бирок ага тийген да жок. Эртеси ага берген тамакты алып дагы эчкисин кайтарып тоого кетти. Эже- синдиси эки кун маани беришпеди эмнеге эки коздуу алар калтырган тамакты жебей жатканына.

Бара- бара алар да сезишти, бул бир нерсе ойлоп тапкан го болбосо мурда дайыма бергенинди калтырбай шыпырып жейт эле дешип. Апасы чон кызына айтты эртен эки коздуу менен бирге эчки кайтарганы барасын, баарына баам салып карап билип келесин деди.

 

Эки коздуу эчкисин айдап адатынча кезууго жоноп жатканда Бир коздуу келип мен сен менен барам бугун, жакшы кайтарып жатат бекенсинби эчкини, оз козум менен коруп келиш учун деди. Экоо талаага келишти эчки оттоп жатты. Эки коздуу эжесинин эмнеге келгенин тушунду да жур отурабыз мен сага ыр ырдап берем деди , бир коздуу ансыз да аябай чарчады ал алыс жолго жоо басыш онойго турбады. Экоо чопко отуруп Эки коздуу ырдай баштады. Сен уктадынбы Бир коздуу? Сен уктай элексинби Бир коздуу… Бир коздуу козун жумду да катуу уйкуга кетти. Эки коздуу столду чакырып кардын тойгузду. Шашпай анан Бир коздууну ойготту, сен эчки кайтарам деп келип алып уктап калганын кандай? Тур кеч кирди уйго кайталы. Экоо уйуно кайтып келишти, Эки коздуу адатынча тамакка тийген жок. Бир коздуу апасына актанып жатты, талаада уктап калдым деди.

 

Эртеси апасы Уч коздууну чакырып бугун сен кошо барасын, уктап калбай жакшы кара, мумкун Эки коздууго бироо тамак алып келип жатабы талаага. Уйдо тамак жебегенине караганда демек бекинип ичип жеп журот деди. Уч коздуу кыз менен талаага барышты, эчки оттоп кетти. Кыз дагы айтты, жур Уч коздуу отуралы эс алып, мен сага ыр ырдап берем, ал да жоо басып чарчады кун да чайыттай ысык эле. Экоо отуруп кыз ырдай баштады, Уч коздуу сен уктай элексинби? Андан нары Уч коздуу укта эми деп ырдаштын

ордуна, сен укта Эки коздуу деп ырдап жатты адашып. Ырдай берди ырдай берди, Уч коздуунун эки козу жумулуп уктап калды, учунчу козу уктабады бирок ал кыйтыр эле учунчу козун жумуп уктамыш болду.

 

Кыз столду чакырып тамактанды, Учунчу коз баарын коруп турду, Эки коздуу келип синдисин ойготту, жур кеч кирди уйго кетелик деди. Экоо уйуно кайтып келишти. Кыз дагы эч нерсе уйундо жеген жок, Уч коздуу апасына келип коргонун айтып берди. Апасынын ачуусу абдан келди, Эки коздууго келип кыйкырды :- Сен эмне бизден жакшы тамактангын келдиби? Азыр мен сага сабак корсотом деди да чон бычакты алып сарайга жоноду, эчкинин журогуно сайды . Байкуш эчки ошол жерде жан берди. Кыз баарын коруп уйдон чыгып талаага барды, отуруп алып аябай коз жашын токту. Караса баягы аял алдында турат, Эки коздуу эмнеге ыйлап жатасын? Деп сурады.

Кантип ыйлабайм, эчкимди союп салышты, мени багып жаткан ошол болчу, эми мен дагы кордук коруп ачка калам, Эки коздуу деди аял, сен азыр уйуно бар дагы эчкинин ичегисин сурап ал, анан аны терезендин тубуно жерди казып комуп сал , ошол сага Бакыт алып келет деди периште аял. Кыз рахматын айтайын десе аял коздон кайым болуп таппай калды.

 

Уйуно келди да эчкинин ичегисин болсо да бергиле деп жалынды, бир туугандары каткырып ичегини ала бер бирок башка эч нерсе тийбейт сага дешти. Кыз туну баары уктаганда чыгып чункур казып ичегини комду. Эртеси баары ойгонуп сыртка чыгышса, дарак турат абдан кооз, жалбырактары кумуш арасында алтын алма жалтырайт. Мындай даракты дуйно жузундо эч ким коргон эмес эле. Эч кимиси тушунбоду да кайдан пайда болду бул алма дарак, Эки коздуу гана баарын тушунду. Апасы чон кызына айтты, кызым менин алмага чыгып узуп тушчу деди. Бир коздуу даракка чыкты эми алманы кармайын десе саптары бийик осуп карматпай койду. Канчалык аракет кылса да бир да алма узо албады Бир коздуу. Анда апасы Уч коздууго айтты, сенин уч козун бар жакшыраак коросун сен чыкчы. Ал да канча жолу колун сунуп жете албады алмага.

 

Анда Эки коздуу айтат мумкун менин колуман келээр деп. Эки бир тууганы адатынча кулушту сен Эки козун менен эмнени кыйратмак элен. Эки коздуу даракка чыкты, алтын алмалар андан качмак тургай оздору кызга ийилип турушту колуна тушуп. Кыз этеги толтура алма узуп тушту, апасына берди. Эжеси менен синдиси Эки коздууну андан бетер жек корушту, кызганышты, оздору узо албаган алтын алма буга гана баш ийеерин билишкен сон. Бир куну уч кыз дарактын жанында турушканда атчан бала бастырып келди.

— Эки коздуу тез бекин дешти кыздар, биз сени учун кызаргыбыз келбейт деп аны бочка менен жаба коюшту, кыз узгон алмаларды да беките коюшту ал жакка. Бала жакын келди сымбаттуу жигит экен, даракты коруп абдан тан калды, алтын кумуштон болгондуктан.

 

— Бул кимдин алма дарагы? Ким мага алтын алма узуп берсе менден каалаганын сураса болот деди бала. Эки кыз дарак биздики деди да алма узобуз деп канча аракет кылышса да эч жете алышпады.

— Тан калыштуу, деди бала. Дарак силердики бирок алмасын узо албайсынар. Кыздар дарак баары бир биздики дей баштаганда Эки коздуу эки алтын алманы бочканы которуп тоголотуп жиберет, алмалар жигиттин бутунун жанына тоголонуп келишти. Жигит алмаларды алып, бул кай жактан пайда болду , деп сурады кыздардан. Биздин дагы бир бир тууганыбыз бар , ал Эки коздуу болгондуктан элге корунбой бекинет дешти. Жигит кызды корсоткуло деп талап кылды. Анан озу кыйкырды- Эки коздуу чык бери.. Кыз бочканын астынан чыкты, анын сулуулугуна суктана карады жигит:

— Сен Эки коздуу алманын бир сабагын узуп бере аласынбы , сурады кыздан.

— Ооба деди кыз, мен узуп бере алам дарак себеби меники да, деп алмага чыгып бир сабагын сындырып тушуп жигитке сунду.

 

-Эми эмне кааласан сурасан болот, деди жигит.

— Ах, мен дайыма ачкамын , эртеден кеч жашоом ушундай отот. Мени озунуз менен ала кетсениз бул жашоодон куткарсаныз жакшы болот эле, деди кыз. Анда бала Эки коздууну атына учкаштырып атасынын сарайына алып келди. Ал жерде кызга жакшына койнокторду тиктирип берди, кызды жакшы тамактар менен сыйлады. Жигит суйуп калды Эки коздууну, экоо уйлонуп чон той беришти.

Эки коздуу кеткенде, эки кыз кызганышты анын бактысына, алтын алмалуу дарак бизде калды деп суйунушту, ар ким суктанып келип даракты карайт, балким биз да бактыбызды табабызбы ким билет бирок эрте менен даракты таппай калышты. Эки коздуу эрте менен ойгонуп терезеге басып келди, коргон козуно ишенбеди дарак аны ээрчип баса бериптир… Арадан коп мезгил отту, Эки коздуу бактылуу омур суруп жатты, бир куну сарайга эки жупуну кийинген адам кайыр сурап келишти, Эки коздуу аларды тааныды озунун эжеси менен синдиси, алар абдан жакырчылык коруп , нан сурап кочолоп калышкан эле. Кыз аларды кечирди, сарайга киргизип озу менен жашоосун каалады, кыздар Эки коздууго ыраазычылыгын билдиришти анан абдан кечирим сурашты жасаган жоруктары учун чын дилден кейишти.

 

Ушуну менен жомок акырына чыкты.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE