Пример HTML-страницы

Тиш Аллах Тааланын бизге берген белеги.

https://kyrgyzcha.site/?p=55929&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

*БИСМИЛЛАХИР РАХМААНИР РАХИИМ.*

 

*Тиштер.*

 

👆Тиш Аллах Тааланын бизге берген белеги. Тиш менен денеге пайда берүүчү тамактар чайналат. Тишти тазалоо ден-соолукту сактоонун эң маанилүү каражаттарынан.

Анын оорусу өтө катуу. Ошол себептен, аны дарылоо милдет. Пайгамбар (С.А.В) инсандын ден соолугун сактагандыгы үчүн жана башкаларды ооздон чыккан жагымсыз жыт

менен жийиркентпөө үчүн тиштерди тазалоого көп көңүл

бурган.

 

*Пайгамбар: (С.А.В)*

 

👆«Мисвак колдонгула, ал тишти тазалайт жана Аллахтын ыраазылыгына жеткирет. Жабраил мага мисвак колдонууну өтө көп осуят кылгандыктан, мисвак мага жана менин

үммөтүмө парз болуп калат го деп ойлоп калдым” – деп айткан. (Ибну Маажа).

 

*Абу Айюб Ал-ансарий риваят кылган хадисте, Пайгамбар (С.А.В) айткан:*

 

*«Эки периште үчүн, намаз окуп жаткан кишинин тишинин арасындагы тамактын калдыгын көрүүдөн өткөн жагымсыз нерсе жок”.*

 

👆Мисвак тишти сактайт, тиштин бүйлөсүн бекемдейт

жана шилекей бездерин жакшы иштетет. Тиштин таза жана

жакшы жыттануусу үчүн тиш пастасын, тиш щеткасын

колдонууга да болот. Булардын баары адамдын чың ден-

соолукта, жакшы жашоо сүрүүсүүнө шарт түзөт.

Пайгамбарыбыз (С.А.В) сарымсак же пияз жеген адамдын мечитке келүүсүснө эмне үчүн тыюу салганын эми

түшүндүңбү?

 

*Кийимдер.*

 

👆Кийим уяттуу жерлерди жабат, намаз үчүн адамды кооздойт.

 

*Аллах Таала:*

 

*👆“Эй, адам балдары!* Ибаадатка эң мыкты

кийимиңерди кийгиле. Жегиле, ичкиле, бирок ысырапкорлук кылбагыла! Анткени, Аллах ысырапкорлорду жакшы

көрбөйт” – деп айткан. (Аараф:31).

 

*Ошондой эле:*

 

*👆“Эй, адам балдары!* Уяттуу жерлериңерди жана сулуулугуңарды жабуу үчүн кийим түшүрдүк. Бирок, такыбалыктын кийими

эң жакшы (кийим). Бул – Аллахтын белгилеринен. Балким

түшүнөөрсүңөр” – деген. (Аараф: 26).

 

Инсан өзү жашап жаткан чөйрөсүнө көрүнүшү, тазалыгы жагынан ылайыктуу кийинүүсү керек.

 

*Абдулла ибну Масуьд риваят кылган хадисте, Пайгамбар (С.А.В):*

 

👆«Кимдин жүрөгүндө кыпынчалык текеберлик болсо

бейишке кирбейт» деп айтты.

 

*Ошондо бир адам:*

 

👆«Эгерде кооз кийимдерди кийүүнү кааласак, бул дагы

текеберлик болобу” – деп сурады.

 

👆“Аллах Таала сулуу жана сулуулукту жакшы көрөт. Ал

эми, текеберлик ал акыйкатты кабыл кылбоо жана адамдарды кемсинтүү» – деп жооп берди Аллахтын элчиси (С.А.В).

(Муслим).

 

♻Инсан кандай жумуш менен алектенбесин, жумушун да

өз убагында аткарып, сырткы көрүнөшүнө да көңүл буруп

жүрүүсү керек. Бул ысырапкордук же текеберлик эмес.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE