Пример HTML-страницы

100 жаштагы Сыргабай ата согушка кетип, жеңиштен кийин 6 жылдан соң кайтып келген (сүрөт)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushСузак районуна караштуу Ак-Тоо айылынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сыргабай Төрөгелдиев быйыл толук 100 жашка толду.

Ардагердин өзүнүн айтымында, өзүнөн мурун анын бир тууган агасы согушка кетип каза болот. Ансыз да согуштан уулун жоготкон ата-эне экинчи уулун да кан майданга жөнөтүүгө каршы болушат. Ошондой талаш-тартыштардан улам атанын согушка жөнөөсү бир аз кармалат.

Уулун согушка жөнөтпөйм деп ыйлаган энеси аргасыз экинчи уулун да майданга узатат. Ал 1945-жылы жаз мезгилине жетпей майданга аттанат. Согушка аттанган топтолчу жай Базар-Коргон районунда болгондуктан, айылынан андагы районго чейин жөө барган.

«Мага согушка чакыруу келген. Жигиттер Базар-Коргон районуна топтолгондуктан жөө кеткем. Унаа менен районго чейин жеткирип коюу деген болгон эмес. Ал жерден ушул эле биз тараптан барган бала менен таанышып, дос болуп калдым. Бирок экөөбүз эки тарапка кеттик. Биз Белоруссиянын борбору Минскке барып, ошол тараптагы токойлордо жер төлөө каздык. Жаздагы жамгыр биздин казган жерлерге толуп, чакалап сууларды төктүк.

Анан дагы бир жерге алып барды. Ошентип жүргөнүбүздө «согуш бүттү» деген кабар келди. Кубанып бири-бирибизди кучактап ыйладык. Анан Казань шаарына алып кетишти. Ал жакта 3 жыл аэропорт куруу ишинде иштедик. 2 гана унаа болор эле. Калганын бүт кол менен иш кылганбыз. Азыр бизчелик колдору, буттары жарылып, жанын карч уруп иштешпейт. Ошол жерде иштеп жүргөндө ал жердегилер мени «тракторчулукка окуп ал» деп кеңеш беришти. Окуунун пайдасы тийип, кийин трактор айдадым.

1951-жылы согуш болгон жерлерди калыбына келтирүү жумушуна тартылгандар бошотулганы жөнүндө кабар уктук. Жасаган эмектерибизди эске алыштыбы бир аздан тыйын берилди. Үйгө кубанып келсем ата-энемдин жашоолору оорлошуптур. Үйдүн шыбынан тамчы өтө берип, жашаганга болбой калыптыр. Капчыкта келген биртке акчага үйду оңдоп баштадым. Анан бул жерде үйлөнө турганымды айтканда миң рубль беришти. Ал учурда ал акчага үчтөн кем эмес мал-жандык алчусуң. Ошентип үйлөнүп, балалуу-чакалуу болуп жашап келе жатам.

«Согуш болбосун, согуш жама. Азыркы тынчтыктын кадырын билип жашагыла», — деди ала.

Айылдагы жалгыз ардагер үчүн, элеттиктер үчүн да 9-май чоң майрам. Анткени бул күнү андагы айылдыктар атанын алдынан өтүп, батасын алып кетишет.

Сыргабай атанын баласы Нурумбет Төрөгелдиевдин айтымында, аксакалга таза тамактарды бергенге аракет кылат.

«9-майда бир жандык союп, казан асып коебуз. Анткени айылдаштарыбыз бул күнү атабыздан кабар алып кетишет. Атамдын демдүү жүрүүсү үчүн экологиялык таза тамактарды бергенге аракет кылам. Атамды мен караган үчүн жеген тамактарына өзгөчө мамиле жасайм. 10 күндөн бери ооруп баса албай калды. Ооруканага алып бардым, өзүнчө бөлмө берип, жакшы карашты.

Баарыбир карылык деген башка экен. Атам Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгын өзгөчө күтүп жүрөт. Буйруса эмдиги жылы күткөн жылын белгилөөсүн биз да ниет кылып жатабыз», — деди ал.

Сыргабай ата жалпы 10 балалуу болгон. Азыркы тапта 55 небере, 80дей чөбөрө, 5 кыбырасы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE