Пример HTML-страницы

Жоламан Шаршенбеков менен Айпери Медет кызына «Toyota Camry» унаасы белекке берилди

Акыркы жанылыктар

Turmush«Альянс Алтын» компаниясы өнөктөштөрү менен биргеликте бир нече кыргызстандык балбанга унаа жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

Маалыматка караганда, былтыр күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын алдында «Альянс Алтын» компаниясынын башкы директору Сабир Рахматов спортчуларга жолугуп, бир жылдык витаминдер жана спорттук кийимдерди тапшырган. Жолугушуунун жүрүшүндө дүйнө чемпионатында алдыңкы орун алышса, унаа белек кыларын убадалаган. 2023-жылдын сентябрь айындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Жоламан Шаршенбеков алтын, Айпери Медет кызы күмүш тагынган. Жакында эле эки спортчу Бишкекте өткөн Азия чемпионатында алтын байге утуп алышты.

Бүгүн, 22-апрелде «Альянс Алтын» компаниясы өнөктөштөрү «Аджи Сервис» ЖЧКсы, «Кыргыз Логистик Сервис» ЖЧКсы, «ААЕngeneering» компаниясынын КРдагы өкүлчүлүгү менен биргеликте Жоламан Шаршенбеков менен Айпери Медет кызына убадаланган унааларды тапшырды. Шаршенбеков кара түстөгү, ал эми Медет кызы өңү ак «Toyota Camry» унаасын белекке алды.

Ошондой эле дагы сегиз спортчуга — Мээрим Жуманазарова, Үзүр Жусупбеков, Бекзат Алмаз уулу, Калидин Асыкеев, Раззак Бейшекеев, Исламбек Орозбеков, Тынар Шаршенбеков менен Атабек Азизбековго 100 миң сомдон акчалай сыйлык ыйгарылды.

«Альянс Алтын» компаниясы КРдин Улуттук олимпиада комитети менен өлкөбүздүн спортчуларын колдоо багытында тыгыз иштешип келет. Комитетке каржылык жактан колдоо көрсөтүү максатында акыркы үч жылда 6 (алты) миллион сом которгон. Андан тышкары компания Талас облусундагы көптөгөн спорттук иш-чараларга демөөрчүлүгүн көрсөтүп келүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE