Пример HTML-страницы

Ошто 900дөн ашуун милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 9-май – Улуу Жеңиш күнүнө карата уюштурулган майрамдык салтанаттарда коопсуздук сакталат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 8-май күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгында коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн өздүк курамдын күч каржаттарынын эсеби чыгарылып, аймактарга жетекчилик кызматтан жооптуулар бекитилди. Ош облусунун аймагында уюштурулган майрамдык салтанаттар жана эс алуучу жайлар 900дөн ашуун милиция кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынат.

Май айындагы майрамдарга карата 1-майдан 10-майга чейин ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жогорулатылган тартипте кызмат өтөп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE