Пример HTML-страницы

Кочкор районунда Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы белгиленди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 9-майда Кочкор районунда Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы белгиленди. Бул тууралу аймактык кабарчы билдирди. И

Маалым болгондой, андасогушта курман болгондорго арналган гүлчамбар коюлуп, куран окулду. Кочкор районунун акими Камил Чоткараев өз сөзүндө 1941-1945-жылдары Кыргызстанда ар бир төртүнчү эр-азамат согушка аттанып, согуш апааты бир дагы үй-бүлөнү кыйгап өткөн эместигин айты. Кочкор районунан Улуу Ата Мекендик согушка 5510 адам катышып, алардын ичинен 1380 жоокер келбей калган.

Салтанаттуу иш-чарада Кочкор райондук аскер комиссариатынын башчысы Урмат Осмоналиев, ардагерлер кеңешинин төрагасы Аламүдүн Кашкелеңов, согуш учурунда тылда эмгектенген Күрүчбек Асановдор сөз сүйлөштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE