Пример HTML-страницы

Каракол шаарында Жеңиштин 79 жылдыгы белгиленип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарында Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы белгиленип жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, ага шаар тургундары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аскер кызматкерлери, ардагерлер катышууда. Митинг-реквиемде согушта курман болгон жоокерлерге арналган түбөлүк отко гүлчамбарлар коюлуп, эскерүү мүнөтү жарыяланып, аскердик залп атылды. Талаа ашканасы уюшулуп, аскер боткосу берилди.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө шаардын борбордук аянтында согуш жылдарындагы ырлар аткарылып, концерттик программа тартууланат.

Каракол шаарында Улуу Жеңиштин 79 жылдыгын ооруктун 5 ардагери тосуп жатат. Алардын эң улуусу 94 жашта болсо, эң кичүүсү 87 жашт.

Ардагерлер:

94 жаштагы Егор Колесников;

92 жаштагы Мария Астахова;

91 жаштагы Турдукан Амердинова;

90 жаштагы Исаева Какен;

87 жаштагы Зайнагүл Абдиева.

Орук ардагерлерин кечээ, 8-майда жергиликтүү бийлик, аскер адамдары куттуктап, акчалай белектерди тапшырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE