Пример HTML-страницы

Кант шаарында студенттер спектакль коюшту

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Кант шаарындагы А.Тойтоев атындагы маданият үйүндө «Күч бирдикте» спектакли тартууланды. Бул тууралуу Кант шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, спектакль Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы Театралдык окуу жайынын студенттери тарабынан коюлган. Анда мектептеги рекетчилик темасы камтылган.

Спектаклден соң президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Асель Жуманалиева, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы—акимдин орун басары Нурбек Сагынбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Бакашева жана РИИБдин өспүрүмдөр менен иш алып баруу бөлүмчөсүнүн инспекторлору окуучулар менен пикир алышып, алардын суроолоруна жооп берип, мектептеги терс көрүнүштөрдү болтурбоо, жоюу жана алдын алуу, «Манас», «Семетей», «Сейтек» уюмдарынын орду тууралуу кеңири түшүндүрмө беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE