Пример HTML-страницы

Москва районундагы айылда жергиликтүүлөргө бак-дарактарды бутоонун, актоонун эрежерлери түшүндүрүлдү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Москва районуна караштуу Төрт-Гүл айыл аймагында жергиликтүүлөргө бак-дарактарды өстүрүүнүн, бутоонун жана актоонун эрежелери түшүндүрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

ААРден кийин Петровка, Беш-Терек жана Предтеченка айыл аймактары бириктирилип, жаңы аталыштагы Төрт-Гүл айыл өкмөтү түзүлгөн. Анын административдик борбору Петровка айылы болуп саналат.

«Санитардык тазалоо, бак-дарактарды бутоо десе эле анын бутактарынын баарын кесип салууга болбойт. Ар бир даракты өстүрүүнүн бутоонун жана көчөттү отургузуунун эрежелери бар. Маселен, кара жыгач дарагын алалы. Бул Чүйдө эң көп өстүрүлөт. Ал курулуш материалдарына, отунга пайдаланылат. Ошону менен бирге көчөтүн белгиленген жерге отургузбаса, өсүп жетилгенде пайдасынан зыяны көбүрөөк. Тактап айтканда, турак жайга, асфальтталган жол боюна же пескоблок тосмолорго жакын отургузууга болбойт. Себеби, анын тамыры 20-30 метрге чейин туурасынан өскөндүктөн пайдубалын, дубалын жарып өсөт. Бул убакта үйлөрдө да коопсуздук жаралат. Ошону менен бирге ал бийик өскөндүктөн электр чубалгыларына тоскоол болот. Өзгөчө, суу түтүктөрү тартылган жерден алыс болгону жакшы. Турмуш көрсөткөндөй, мурда туура мерчемделбей отургузулган кара жыгачтар бүгүнкү күндө суу түтүктөрүн көтөрүп, жарып жатканы белгилүү. Ошондуктан, бак-дарактарды отургузууда эрежерин эске алалы», — деди Аң- Арык айылынын башчысы, багбанчы Арзымат Иманбеков.

Ал эми Петровка айылындагы айымдардын бири: «Жазда бак-дарактарды эмне үчүн актайбыз? Ал айылдын инфатүзүмүн жакшыртат. Айлана кооз, көрктүү көрүнөт. Жазда бак-дарактардын түбүнөн курт-кумурскалар чыгып, жалбырактарды жей баштайт. Мындай абалда жалбырагынан жабырланган бак-дарактар куурап калышы ыктымал. Ошондуктан, алардан сактоо максатында актоо иштерин жүргүзүп жатабыз», — дейт.

Ал эми аймактагы айыл башчыларынын, айыл өкмөтүнүн башчысы Жеңиш Байсульдаевдин айтымында, 3 айга созулган аймактарды иретке келтирүүдө ар ишембиде таза айыл күнү өтүп, катышуучуларга сый тамак да уюштурулуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE