Пример HTML-страницы

Таласта ооруктун 97 жаштагы ардагери Кудайберген Чороевге белектер тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн 9-майда Талас ОИИБдин башчысы Азенбек Козукеев Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарындагы ооруктун эмгекчиси, 97 жаштагы Кудайберген Чороевди куттукташты.

Маалым болгондой, ал аксалга калпак, чепкен кийгизип, белектерин тапшырды.

Кудайберген ата 1928-жылы Талас районунун Көк-Ой айылында туулган. 1947-жылы Москва шаарында аскерде кызмат өтөп, Свердлов облусунда согуш жылдарында соттолгон жарандарды коштоп жүрүү тобунун башчысы болгон. Аскерден келгенден кийин ички иштер органдарына кабыл алынып, 30 жылга жакын кызмат өтөп, 1978-жылы ардактуу эс алууга чыккан. 19 жыл облустагы Социалисттик менчикти уурдоо жана алып сатарлык менен күрөшүү бөлүмүн жетектеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE