Пример HTML-страницы

Жаанбай аксакал 90го жакын небере, чөбөрө, кыбыранын атасы

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткен шаарынын 94 жаштагы тургуну Жаанбай Жороев Улуу Ата Мекендик согуш учурунда тылда эмгектенген ардагер. Аймактык кабарчы аксакалдан кабар алды.

Анын айтымында, согуш башталган учурда Жаанбай ата 12 жашта эле. Агалары фронтко аттанып, өзү айылдагы жаштар сыяктуу тылда эмгек өтөгөн. Орок оруп, кетмен чаап, буудай ташып балалыктын бактылуу ирмемдерин көрбөй калган. Кыштын ызгаарында бутуна батинке таппай, жарты нанга зар болгон күндөрүн унута элек.

«Чоң агам да согушка кетип, кайтып келип каза болду. Биз жаш элек. Бирок айылдагы эң оор иштер бизге калды. Андай апаат күндөрдү эч кимге көргөзбөсүн. Жарты нан 1 күнгө жетер эле. Ал дагы буудай нан эмес, жүгөрүнүн унунан жасалган загыра нан болор эле. Кыштын суугунда бутубузга кийгени бут кийим жок болчу. Айылда жалаң эле жаш балдар, аялдар, кары-картаңдар калган. Тонналаган буудайды ташыйт элек. Биздин тылдын ардагерлери жасаган эмгек менен чоң ийгиликке жетиштик. Биз согушту жеңдик. Тылдагылардын эмгеги зор.

Азыркы заман жыргал заман, токчулук, молчулук. Техника бар, өнүккөн заман. Ушул заманыбыз ар дайыма тынч болсун. Апааттуу согуштун үнүн угузбасын», — деди аксакал.

Жаанбай ата уул-кыздарынан 90го жакын небере, чөбөрө, кыбыралуу болгон.

Баткен шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы Мырзабек Матемиров Баткен шаарында тылдын ардагери 2 адам деп белгиленгени менен согуш учурунда тылда эмгектенгендер Баткен шаарында ондоп саналарын айтты. Алар атайын жазылып, ардагер деп аталбай калышкан.

«Учурда Баткен шаарында 2 тылдын ардагери бар. Азырынча бул кишилерге чегерилген пенсиядан сырткары жардам берилбейт. Бул 2 ардагер гана тылдын ардагери болуп жазылган. Бирок шаарда көп. Алар жазылбай калган. Алдыда тиешелүү кызматтарга кайрылып, калгандарга да ардагер наамын берип, мамлекеттен өзгөчө камкордукту талап кылабыз.

Бул кишилер, жыл сайын майрамда күтүшөт. Кызым келбеди, балам келбеди деп өксүп ыйлашат. Бийлик өкүлдөрү да келип, сурашып турса картайган кишилер 1-2 жылга жашарат. Ачарчылыкты тарткан ушул адамдар бизге ушул жаркын жашоону алып келди. Баарынын жашы 90ду ашты», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE