Пример HTML-страницы

Москва районунда Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы белгиленип, оюн-зооктор уюштурулду

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 9-майда Москва районунда Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, митинг-реквием райондун Беловодск айылында өттү. Анда эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, курман болгондорго багышталып куран окулду. Иш-чарага мекеме, уюмдардан, айыл өкмөттөрдүн, райондук аскер комиссариатынан өкүлдөр жана жергиликтүүлөр катышты. Тартип сакчылары коопсуздукту күчөтүлгөн тартипте көзөмөлгө алып жатышат. Борбордук эс алуу паркында майрамдык оюн-зоокторго уюштурулуп жатат.

1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка Москва районунан 11 миң 680 адам катышкан. Алардан ичинен 5234 адам согушта каза болуп, 6446 жоокер мекенине келген. Тилекке каршы акыркы 6 жылдан бери райондо Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери калган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE