Пример HTML-страницы

Улуу Ата Мекендик согушта Москва районунан 5234 жоокер каза болгон

Акыркы жанылыктар

TurmushУлуу Ата Мекендик согушка Чүй облусунун Москва районунан 11 миң 680 адам катышып, алардын ичинен 5 миң 234 жоокер кандуу майданда каза тапкан. Калган 6 миң 446 жоокер кичи мекенине кайтып келген. Ал эми өзгөчө эрдик көрсөткөн 6 адамга Советтер союзунун баатыры наамы берилген. Алар:

1. Мирошниченко Николай Прокофьевич, 1920-жылы туулган;

2. Степаненко Василий Васильевич, 1923-жылы туулган;

3. Сущев Степан Захарович, 1914-жылы туулган;

4. Пономарьев Павел Сергеевич, 1924-жылы туулган;

5. Гавриш Иван Фомич, 1920-жылы туулган;

6. Вертиков Алексей Георгиевич, 1922-жылы туулган.

Советтер союзунун баатырлары Мирошниченко Николай Прокофьевичтин ысымы Садовой айылындагы орто мектепке ыйгарылып, анда баатыр Гавриш Иван Фомич атындагы музей да уюштурулган. Ошондой эле Беловодск айылындагы №2 мектепке Степаненко Василий Васильевичтин ысымы берилген.

Мындан сырткары согуштун ардагерлери Абдыкул Жапаровдун, Шаршенкул Баялиевдин жана украиналык, Советтер союзунун 2 жолку баатыры Черняховский Иван Даниловичтин ысымын алган мектептер да бар.

Учурда Москва районунда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жок. Алардын баарынын көзү өтүп кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE