Пример HTML-страницы

“АТЕИСТТЕРДЕН ИМАМ АБУ ХАНИФАГА СУРОО”: 

https://kyrgyzcha.site/?p=55643&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

АТЕИСТТЕРДЕН ИМАМ АБУ ХАНИФАГА СУРОО”:

 

Кудайга ишенбеген атеисттер Абу Ханифага (рохимахуллох) келип: “Раббиң кайсы жылы жаралган?” — деп сурайт. Ал: “Алла Таала замандан жана тарыхтан мурда бар болгон, Анын башталышы жок” — деп жооп берет да, анан динсиздердин өздөрүнө минтип суроо узатат: “Төрттөн мурда эмне бар?”. Алар: “Төрттөн мурда үч бар” — дейт дароо эле. Ал: “Үчтөн мурдачы?” — деп кайра сурайт. Алар: “Эки” — дейт. Ал: “Экиден мурда эмне бар?” — дейт. Алар: “Бир” — дешет. Ал: “Бирден мурдачы?” — дейт. Алар: “Бирден мурда эч нерсе жок” — жооп беришет. Ошондо даанышмандыктын чокусуна жеткен имам Абу Ханифа аларга: “Эгерде эсептегенде колдонулчу бир санынан мурда эч нерсе жок болсо, анда чыныгы Жалгыз, Бирөө болгон Алладан мурда эмне болуусу мүмкүн?. Ал эзелки, Анын башталышы жок” — деп жооп берет.. Өжөрлүгүн койбогон динсиздер кайрадан имамга: “Раббиң кайсы тарапка жүздөнүп турат?”- деп суроо узатат. Имам тигилердин суроосуна жооп бербей туруп өздөрүнөн: “Эгер кап-караңгы жерге шам чырак алып келсеңер, анын жарыгы кайсы тарапка чачырайт?” — деп сурайт. Алар: “Чар тарапка жарыгын чачат” — дейт. Имам: Эгер колдо жасалган шам чырактын жарыгы ошончолук болсо, асмандар менен жердин Нуру болгон Алланын Нуру бүт ааламды камтыбайбы?” — дейт. Динсиздер: “Бизге Раббиңдин затын айтып бер, Ал темир сыяктуу катуубу, же суу сыяктуу суюкпу, же түтүн, буу сыяктуу нерсеби?” — деп суроосун улантат. Имам алардан: “Силер жан берип жаткан адамдын жанында отурдуңар беле?” — деп сурайт. Алар: “Ооба!, Отурганбыз” — дейт. Имам: “Ал адам өлгөндөн кийин силер менен сүйлөштүбү?” — деп сурайт. Алар: “Жок” — деген жооп узатышат. Имам: “Өлөөрдөн мурда сүйлөп, кыймылдап жатты беле?” — дейт. Алар: “Ооба” — дейт. Имам: “Анын өзгөрүшүнө эмне себеп болду?” — дейт. Алар: “Рухунун (жанынын) чыгып кетиши” — деп жооп берет. Имам: “Анын руху чыгып кеттиби?”- дейт. Алар: “Ооба” — дешет. Имам: “Мага анын рухунун кандай экенин сыпаттап бергиле!, ал темир сыяктуу катуубу, же суу сыяктуу суюкпу, же түтүн, буу сыяктуу нерсеби”- дейт. Алар: Биз ал тууралуу эч нерсе билбейбиз — деп унчукпай калышат. Ошондо имам Абу Ханифа динсиздерге карап: “Эгер маклук (жаратылган) рухтун кандай экенин сыпаттап бере албасаңар, анда менден Алланын Затын сыпаттап бер деп кантип талап кыласыңар” — деген суроолуу жообун берип, аларды жолго салып узаткан экен….

 

Абдишүкүр ажы Нарматов

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE