Пример HTML-страницы

КУТТУУ ОРОЗО АКЫРЕТКЕ АЗЫК КАМДООЧУ АЙ

https://kyrgyzcha.site/?p=55614&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

КУТТУУ ОРОЗО АКЫРЕТКЕ АЗЫК КАМДООЧУ АЙ…*

 

✍🏻Сөзүбүздү устазыбыздын сөзү менен баштасак «Азыркы күндө ким күчтүү багымдатка турган адамды күчтүү «-деп билип калдык деген сыяктуу азыркы күндүн ысыгында, убакыттын узундугу,түндүн кыскалыгында орозо карап амалдарына бекем болгон туугандарыбыздын абалында ошондой десек туура болот эле. Анткени

канча жандар бар соо,ден- соолугу чың,мүмкүнчүлүгү болсо да,моюн сунбай орозо алар үчүн жөн гана күн, айлардын катарында өткөргөндөр канча.

Канчалык күн ысык,убакыт узун болбосун ыйманы бекем Жараткандан корккон пенделер үчүн орозо кармоо ырахат,сыймыктануучу эрдик болуп эсептелет.

Рамазан айы жүрөгүндө ыйманы бар адамдар үчүн майрам жана жан дүйнөнү дарылоочу убакыт. Рамазан айы биздин үйүбүзгө келип, бир ай түнөп кетүүчү конок. Рамазан айы биздин бир жылдык жасаган күнөөлөрүбуздү жууп кетирүүчү жана Акыретибизге азык камдап алуучу мүмкүнчүлүк. Демек, бул айды күтүп алуу, конок күткөндөй маанилүү.

 

Мына орозонунда көз ачып жумганча он күнү билинбей эле өтүп сапарын улоодо. Келген коногубузду кандай сыйлап,кандай өткөзүп жатаар экенбиз бир Жаратканга белгилүү. Бул айдын биз үчүн канчалык берекелүү ай экенин орозонун башынан берип окуп, угуп келе жатабыз ,ким кандай өткөрүп кандай амалдар менен алек ар кимдин өзүнө белгилүү.Эх,эгерде биз алсыз пенделер бул айдын сообун,касиетин бизге көрүү мүмкүнчүлүгү берилип калганда жер бетинде периштелердин жайнаганын, алардын тынбай жакшы амалдарды кылган инсандардын амал дептерине эселеп соопторду жазып жатканын көргөнүбүздө эле жатып алып ибадат кылмакмыз! Ишим бар үйүм бүтсүн,жеримди иштетип алайын,күн ысыкта кандай кармайм,убакыт болгондо күн салкында кармап берем,дагы толгон токой шылтоорду кылгандар да жолун таап сөзсүз орозосун кармамак!

Эх, биз алсыз пенделер барлыктын,мүмкүнчүлүктүн кадырын окуп,көрүп,сезип турсак да жоготкондо гана жетебиз!

 

Бул тууралуу

Бир хадисте мындай деп келген: «Эгер менин үммөтүм орозо айынын пазилеттин билгенде, орозонун жыл бою улануусун тилек кылат эле». Ар бир адамга жыл бою кармоо оор көрүнөт. Бирок Орозого бериле турган соопторго ой жүгүртө турган болсок, Пайгамбарыбыз (саллалоху ъалайхи ва саллам) элдер орозонун бир жыл бою созулушун туурасында үмүт кылышат эле деди.

 

Хадиси шарифте мындай деп келет:

«Орозо этти ээритет жана Жаханнам отунан алыстатат. Көз көрбөгөн, кулак укпаган жана эч кимдин оюна келбеген ниматтар бир гана орозо кармаганга насип болот.” [Таберани]

 

«Аллах ыраазылыгы үчүн бир күн орозо кармаган адамды Аллаху таала бул бир күндүк орозосу себеби менен Жаханнам отунан 70 жыл узак кармайт.” [Бухари]

 

Орозонун сообу калган ибадаттарга караганда дагы да көбүрөөк.

 

Хадиси кудсиде:

«Ар бир жакшылыкка 10 эседен 700 эсесине чейин сооп берилет, бирок, орозо мага тийиштүү, анын сыйлыгын мен берем, себеби, кулум мен үчүн шахватын жана жеп-ичүүсүн таштады”, — деп айтылган. (Бухари)

 

Ар жакшылыктын сообун Аллаху таала берген болсо да орозонун сообу тууралуу

«Мен берем” деп буюруусунун хикмат сыры бар. Жер жүзү толугу менен Аллаху тааланын мүлкү болсо да Каабаны

«Байтуллах” дегени, б.а., «Аллахтын үйү” дегени ага өзгөчө кадыр бергендиги үчүн.

«Орозо мага тийиштүү” деп билдирүү менен ага өзгөчө кадыр берген. Орозо кармаган адамга бериле турчу сооптун белгилүү бир өлчөмү жок. Орозолуунун абалына карата көп сооп берилет. Башкалар тамак жеп жүрүшкөн кезде орозо кармоо өтө сооптуу.

 

Демек бул ай акыретке түшүм камдоо үчүн табылгыс мүмкүнчүлүк!

Биз пенделер үчүн жаралуудан кийин өлүмдүн келиши,өлүмдөн кийин тирилүү, кыяматтын келиши,тараза сурак,бейиш -тозок ыйманы жүрөгүндө бар инсадар үчүн акыйкат! Ошол кез ар бир инсан үчүн эң оор,эң кыйын,эң өкүнүчтөрдүн күнү! Ал кезде ата -эне баласынан «бир сооп берчи?! «,бала ата -энеден «бир сооп бериңчи?! «аялы күйөсүнө,күйөсү аялына»бир сооп берчи?! » деген учур келет. Эч ким эч ким менен иши жок өз жанын ойлоп, таразанын оор,жеңили кандай болот деп Жараткандын ырайымынан үмүт кылып, өз жанын ойлогон кез келет. Ошол кезде биз үчүн,бир сооп канчалык маанилүү экенин ,таразабыздын оң жагын басса экен деп ага канчалык муктаж экенибизди билип туябыз. Бирок ал күн артка кайтарылгыс, ошон үчүн бул мүмкүнчүлүктү жарыктыкта пайдаланып акыретибизге сооп камдап алалы! Сооп камдоо үчүн бул куттуу ай зор мүмүкүнчүлүктөрдөн!

Аллах Таалам бул айды биз үчүн айлардын султаны,жемиштүү казынасы,акырет эшигинине ачкыч катары тартуулаган чоң белегин,кадырлап пайдаланып калбасак өкүнгөндөрдөн болуп калабыз!

 

Аллах Таалам улуу күндө, ишеним,үмүттөр менен кылган дубаларыбызды -тилектерибизди,күчүбүз жеткенче аткарган амалдарыбызды кабыл кылып,эсепсиз сообунан кур калтырбасын!

 

Дагы бир жолу орозоңуздар кабыл болсун мусулман бир туугандар!

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE