Пример HTML-страницы

Аксыдагы тойго жаштар фуралардын кортежи менен келишти (видео)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАксы районунун Кербен шаарынын 24 жаштагы тургуну Белек Парпиевдин 5-майда өткөн үлпөт тоюнда кесиптештери кортежге фураларды айдап чыгышты. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча автомеханик жана юрист.

«4 жылдан бери фура айдап, өлкөнүн булуң-бурчунан жүк ташып каражат табам. Жүк ташуучу унааны айдаганды атамдан үйрөнгөм. 5-майда үйлөндүм. Келинчегим өзүбүздүн Аксынын эле кызы. Буга чейин эле үйлөнсөм кортежге фура чыгарам деп ниет кылчумун. Той күнү белгиленгенде кесиптеш агаларга, досторго айтсам алар макул болушту. Соңунда фураларды чыгарып беришти. Эл, коомчулук кандай кабыл алды билбейм, бирок менин кыялым орундалды. Өзгөчөлөнгөн кортеж көпчүлүктү таң калдырды», — деди ал.

Белек мырзам үй-бүлөдө 5 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE