Пример HTML-страницы

ЭМНЕ ҮЧҮН НАМАЗ ОКУЙБУЗ?

https://kyrgyzcha.site/?p=56932&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

☑️ЭМНЕ ҮЧҮН НАМАЗ ОКУЙБУЗ?

 

❓СУРОО: Намаз деген эмне?

 

✅ЖООП: Намаз («ас-Солат») – «дуба», «жалбаруу» деген мааниде. Намаз бул атайын шартталып аткарылган, такбир (Аллаху акбар) менен башталып таслим (ас-Саляму ‘алайкум ва рахматуллах) менен аякталган, өзгөчө айтылган сөздөр жана иш-аракеттер.

 

❓СУРОО: Намаздын ыйыктыгы барбы?

 

✅ЖООП: Ооба, бар:

 

— Намаз бул «Лаа илааха иллаЛлаху, Мухаммадур расуулуЛлах» ыйман күбөлүгүнөн кийинки эле Исламдын экинчи түркүгү.

 

— Намазды Аллах Таала хижрага[1] чейин аль-Исра[2] түнүндө берип, парз кылды.

 

— Намаз-диндин тиреги.

 

— Намаз — бул Пайгамбарыбыз (саллаЛлаху алейхи ва саллам) койгон эң биринчи шарт.

 

— Пайгамбарыбыздан (саллаЛлаху алейхи ва саллам) келген бир хадисте мындай деген маани айтылат: «Ислам – бул дене, намаз анын башы».

 

❓СУРОО: Намазды окуунун максаты кандай?

 

✅ЖООП: Намаз — бул Аллах Таала өз кулдарына берип жаткан чексиз ырыс-жакшылыктарга Ага шүгүр кылып ырахмат айтуубуз. Намаз ибадаттын бир маңыздуу, башкы бөлүгү. Себеби, намаз ичинде биздин Аллахка болгон кайрылуубуз, тообо кылуубуз, Ага моюн сунуп баш ийүүбүз көрүнөт. Намаз — бул инсанды өз Кудайы Аллах менен бириктирип туруучу байланыштыр. Намаз жан дүйнөбүздү тазалап, бул материалдык дүйнөнүн үстүнөн көкөлөтүп көтөрөт. Качан адам кумарлары азгырган жашоо деңизине киргенде, намаз аны чөктүрбөй сууруп алат. Ал адамды аттиң өткөрүп жиберген ак чындыктын алдына алып келет. Ал чындык эмнеде? Кумардан да чоң, маанилүүрөөк нерсе бар экенинде. Адам бул лаанат дүйнөнү түбөлүктүү бекем деп ойлобой, бир лазат, кумардан экинчи лазат, кумарга өтүп, жер бетинде шапар тээп гана өтпөй Акырет жашоосуна да аракет кылуусунда…

 

❓СУРОО: Намаз парзбы?

 

✅ЖООП: Ооба, намаз парз.

 

Аллах Таала айтты: «Ыйман келтирген пенделериме: «Намазды (өз убагында) окушсун. Биз берген ырыскылардан жашыруун жана ашкере да, сатып алуу да, достук да болбой кала турган Күн жетип келгенге чейин тийиштүү орунга жумшашсын», — деп айт» (Ибрахим 14:31)

 

«Аларга чыныгы динди таза, бекем кармап, бир гана Аллахка сыйынууга жана намаз окуп, зекетти (тиешелүү) орундарга берүүгө буйрук кылынды. Мына ушул гана – акыйкат жолундагы адамдардын тутунган дини». (Баййина 98:5)

 

«Чындыгында намаз момундарга белгиленген убакыттарга (парз болуп) жазылган». (Ниса 4:103)

 

❓СУРОО: Намаз кимге парз?

 

✅ЖООП: Ушул үч шарт кимде болсо, ага намаз окуу парз

 

❗️Мусулман болуу;

 

❗️Акыл эси ордунда болуу;

❗️Балакатка жетүү;

 

Ата-эне жаш балдарды 7 жашынан баштап намазга үйрөтөт. 10 жашка жетүүсү менен намаз окуудан баш тартса, уруш керек (бирок ден-соолукка залакат берчү жерлерди эмес жана көгөртпөй). Аллахты Элчиси Мухаммед (саллаЛлаху алейхи ва саллам аткан: «7 жашынан балдарыңарды намазга буйургула, ал эми 10 жаш курагында намаз үчүн ургула, жана жаткан жайларын бөлгүлө». (Ахмад)

 

❗️СУРОО: Намаз парз эмес» дегендерге шарият өкүмү кандай?

 

✅ЖООП: Кимде ким намаздын парз экенин билип, бирок атайылап намазды четке какса, «намаз парз эмес»,- десе, ал Аллах алдында каапыр, мусулман эмес (керек болсо намаз окуучулардан болсо дагы). Джабир радиаллаху анху айтат: «Пайгамбарыбыз (саллаЛлаху алейхи ва саллам)айткан: «Намаздан баш тартуу – ширк жана каапырлык». (Муслим)

 

❗️СУРОО: Намаздын сооптору жана өзгөчөлүктөрү кандай?

 

✅ЖООП: «Намаздарын өз убагында окугандар… Мына ушулар Бейиш бакчаларында сый көрүшөт» (Маариж 70:34,35)

 

«Намаз бузукулуктан жана күнөөдөн тыйат…» (Анкабут 29:45)

 

«…Соода-сатык ал адамдарды тосо албайт: Аллахты зикр кылуудан, намаз окуудан жана зекет берүүдөн. Алар жүрөктөр менен көздөр калтырай турган (Кыямат) Күнүнөн коркушат. Ошондуктан Аллах аларга өздөрү жасаган (жакшылык) иштеринин сыйлыгын, ¤з жакшылыгынан ашыгы менен берет. Аллах – каалаган пендесин эсепсиз ырыскыга бөлөйт». (Нур 24:37,38)

 

Адамдар намазды көп учурда жумушу себептүү окубай калышат. Бирок намаз аркылуу ырыскы көбөйүп, береке келет.«Күнөө кылган пенде Аллахтын ырыскысынан кур калат» — деген экен Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаЛлаху алейхи ва саллам).

 

Пайгамбарыбыздын (саллаЛлаху алейхи ва саллам) хадистеринен: «Намаз – Аллах өз пенделерине койгон амалдардын эң жакшысы». (Жами’а сагир)

 

Пайгамбарыбыз сурады: «Эгер бирөөңөрдүн үйүңөрдүн алдында дарыя акса жана ал дарыяга беш маал жуунуп турса, ал кишиде бир кир калабы?». Адамдар жооп кылышты: «Жок, эч кир калбайт». Анда Пайгамбарыбыз (саллаЛлаху алейхи ва саллам): «Ушул сыяктуу эле, Аллах беш убак намаз себептүү күнөөлөрүңөрдү тазалап турат» деген.

 

«Аллах айтты: (Эй, Мухаммед!) Мен беш маал намазды сениң үммөтүңө парз кылдым, жана Өзүмө убада бердим: ким намаздарын сактап өз убактысында аткарса, аны Бейишке киргизем. Ал эми намаздарын такыр сактабаганга эч кандай убадам жок» деген эскертүү менен намаз өтө зарыл иш экенин ушул хадис далилдейт.

 

❗️СУРОО: Намаздан баш тартуу күнөөбү?

 

✅ЖООП: Ооба, күнөө. Анын оор жазасы бар.

 

«Азап (болсун) намаз(ды начар) окуучуларга». (Маауун 107:4)

 

«Бирок алардын артынан намаздарын таштап жана өздөрүнүн кумарданууларына ээрчиген урпактар келди. Ошондуктан алар жамандыкка кабылышат». (Марийам 19:59)

 

Пайгамбарбыз(саллаЛлаху алейхи ва саллам) өлүм саатында да: «Аллахтан намазыңар тууралуу ойлонгула»,- деп жатып бул дүйнөдөн өткөн экен.

 

Намаз тарк кылуу (баш тартуу, окубоо, убактысын сактабоо) жөнүндө Пайгамбарыбыздын (саллаЛлаху алейхи ва саллам) айткан хадистери арбын:

 

«Адам менен каапырлыктын ортосунда намазды тарк кылуу» . (Ахмад)

 

«Силерди кескилеп, өрттөп же керип салса да, Аллахка ширк кылбагыла. Атайылап намаз таштабагыла. Анткени атайлап аны таштаган (Ислам) дининен чыгат. (Аллахка) тоң моюн, баш ийбестикти өнөр кылып алба. Чындыгында, ал Аллахтын каарына тийет жана шарап ичпе. Чындыгында, ал бардык күнөө, жамандыктардын башатыдыр». (ат-Табарани)

 

«Намазы жокко Исламда орун жок, даараты жокко намаз жок» (аль-Хаким)

 

❓СУРОО: Жамаат намазы деген эмне?

 

✅ЖООП: Намазкандардын биргелешип бир имамдын артында аны ээрчип намаз окуусу.

 

❓СУРОО: Жамаат намазды кимдер окушу керек?

 

✅ЖООП: Эркектер мечитке жамаатка баруусу өтө зарыл иш. Аялдарга милдет эмес, өз каалоосу.

 

«Намаз окугула, зекет бергиле жана рүкү кылгандар менен бирге рүкү кылгыла!» (Бакара 2:43)

 

«Аллахтын мечиттерин Аллахка, акырет күнүнө ишенген, намазды толук аткарган, зекет берген жана Аллахтан гана корккон (адамдар) тирилтет. Мүмкүн ала Туура Жолдо болушар». (Тавба 9:18)

 

Хадистерден болсо: «Жамаат намазы өзүнчө окулган намаздан 27 эсе абзел»- делет. (Бухари, Муслим)

 

Дагы бир хадисте келтиргендей: «Үч нерседе опол тоодой чоң сооп, күнөөлөрдөн арылуу камтылган:

 

❗️кыйынчылыкка карабай даарат алуу;

 

❗️мечитти карай шилтенген кадамдар;

 

❗️мечитте намаз күтүп отурулган убакыттар;

 

❗️Жамаат намазды калтыруу адам өзүнө жасаган чоң зулумдук. Ага сооп болбойт, ыйманы пасаят, периштелердин дубасынан кур калат, жүрөгүнө шек-күмөндөр кирип ооруйт.

 

«Ким азан угуп, эч себепсиз ага жооп бербесе , окулган намазы кабыл болбойт (сооп болбойт)». Сурашты: «Ал себеп эмне?». Айтты: «Коркуу же оору». (Абу Давуд)

 

«Кандайдыр бир үчөө айылда болобу, өрөөндө болобу биригип намаз окушпаса, сөзсүз аларды шайтан бийлеп алат. Ошондуктан силерге жамаат керек. Чындыгында, бөрү бөлүнгөн койду жейт». (Ахмад)

 

Дуба: «Рабби-ж’альнии мукыыма-с-соляти ва мин зурриййати. Раббанаа ва такоббаль дуаа. Рабби-гфирлии ва ли-ваалидаййа ва ли-ль-му’миниина йаума йакууму-ль-Хисааб».

 

Мааниси: Оо, Раббим!Мени жана урпактарымды намазга туруучулардан кыл. Оо, Раббибиз! дубамды кабыл эт. Оо, Раббим! эсеп-кысап болчу Күнү мени, ата-энемди жана момун мусулмандарды кечир!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE