Пример HTML-страницы

КӨҢҮЛ КАЛУУ…

https://kyrgyzcha.site/?p=57512&preview=true Кызыктуу окуялар.

КӨҢҮЛ КАЛУУ

=••=••=••=••=••=••=

Той шаңдуу музыка менен башталып, алып баруучу үйлөнүп жаткан эки жашты чакырып, төрдөгү ордуна барганча салам салдырып, каалоолорун айтып жатты. Азыркыдай жар-жар айтуу баштала элек мезгил болчу. Турмушка чыгып жаткан кызга суктандым, аны мурда көрүп жүрсөм да, бүгүн башкача сулуу эле.

Бир гана атасы өтүп кеткенине ичим ачышып турду…

Бир убакта алып баруучу ата-энелерин чакырып, тааныштыра баштады… Мына, кызык.. досумдун катарында атасы деп тааныштырган адам турду. Кандайча экенин түшүнө албадым, бирок, экөөнүн алыс туруп, бири-бирин жат адамдай караган көз карашты байкадым. Сөз сүйлөгөндө да бири-бирин улап кетпеди. Бул досум менен кесибибиз боюнча таанышып, кийин катташып жүргөнүбүзгө көп болгон, жакшылыктарыбызды бирге белгилеп, сыр бөлүшүп, сый көрүшүп жүргөн болчубуз, менин таң калганым, ал күйөөсү өтүп кеткенин айткан, аны тереңдеп деле сурабаптырмын… Кийин турмушка чыккан эмес, анан бул «атасы» деп сүйлөп жаткан ким экенине айраң- таң болдум. Той башында бирге туруп сүйлөгөн менен, кыз-күйөө баласын куттуктаган соң, экөө эки тарапка бөлүнүп, жайгашып отурганына чейин карап отурдум, баарынан да кызын кучактап алып, атасы ыйлаганын көрүп, маанайым чөгө түштү.

Тойдун жүрүшүндө досум далай жолу келип, кабар алып турду, жаныбызда сүйлөшүп отурду, бирок»- атасы кайдан пайда болду » деген суроо баарыбызды кызыктырып турса да, сурабадык, маанайын бузгубуз келбеди. Ал деле эч нерсе айтпады, атасы ошол бойдон көрүнгөн жок, мүмкүн, сыртка чыгып кеткендир деп ойлодум. Той бүткөнчө баягы суроого жооп издей бердим…

Эки күндөн кийин абалын сурап койгону үйүнө бардым, бир аз кыйналганы байкалып турду, эми жалгыз адамдын түйшүгүн түшүнөм, көңүл жубатып, той өткөрүп алгандагы көп жакшы жактарын айтып отурдум… Анан барып, атасы бар туруп, неге өлүп калган дегенин билгим келди…

— Ээ, досум, ушул окуяны айткым да, эстегим да келчү эмес. Ошон үчүн көп айтпайм, ал жөнүндө кеп козгогум да келбейт, мен үчүн оор, көңүл калган нерсени эстебейин десең деле, өчпөй жүрө берет экен, кызыгып калыпсың, айтып берейин.

Тойдо сурабаганыңа сүйүндүм, өзүм деле бир күн айтып берем деп жүргөн болчумун.

Акыркы курсту бүтүргөнү калганымда, мен тааныбаган эле бирөөлөр алып качышты. Сүйлөшкөн жигитим бар болчу, окууну бүтөйүн, анан турмуш курабыз деп жүргөнбүз. Кайсы жерге келин болуп келгенимди деле билбейм , мага кимиси үйлөнөт деп деле кызыкпадым, » кетем » деп, жоолугун улам алып салып, эч ким менен сүйлөшпөй койдум, апамдар келсе, алып кетет деген ишеним бар эле. Атам да апама көп айтчу экен, » кызымды той менен узатабыз , качып кетпесин, кулагына куюп жүр» деп… Бир убакта жеңем келди, «Атаң жок жорукту баштабай, калсын ошол жерде, көнбөсө, андай кызым жок » деп жатат деген сөздү укканда, ичим өрттөнүп кетти. Менин макулдугумсуз эле, атам өзүнүн досуна келин кылып бермекке көнүптүр, жакшы жер, жакшы адамдар деген го…

Ошондогу катасын атам көп айтып жүрдү, «өзүмдү өзүм кечирбейм, кызым, сенин тагдырыңа мен күнөөлүүмүн «деп жүрүп өтүп кетти…

Куру намыстын курмандыгы болуп, айласыз көндүм, менде атама каршы туруу деген түшүнүк жашабайт эле… Кошуна айылга келин болгонумду билдим, бирок, кимге турмушка чыгып жатканымды биле албай койдум… Үй толо адам, кирип-чыккандар көп, тойго даярдык болуп жатат, 3-4 жигит чогуу кирип, отуруп калышты, тагдырга моюн сунуп, ким экенин билмекке байкаштырып карайм… сөздүн жүрүшүндө эң аягында отурган, бою кичине, сары балага каалоолор айтып жатканын укканымда, баштала элек тагдырыма таарынып, үй менен бир болуп, өксүп ыйлап алдым…

Ошентип, мен күтпөгөн, ойлобогон жашоо башталды, жолдошумдун өңү, бою эле эмес, мүнөзү да жакпай жатты, чүнчүп кеттим, бирок, жашоо деген чыйырга түшкөн соң, артка жол жок деп өзүмдү көндүрүп жүрдүм.Тагдырыма көнүшүмө апа, атамдын катар-катар өтүп кетиши да себеп болду.Окууну бүтүп, ошол айылда мектепте иштеп калдым. Кыздуу болгондо, бир аз жашоо башка нукка түшө баштады. Алаксыганым иш, алектенгеним кызым болуп калды. Жолдошумдун өнөрү дагы көбөйө баштады, мектептен чыгып үйгө чуркайм, кечиксем уруш-жаңжал, колу тийген күндөрү намыстанып эч кимге айтпайм, жумушта көгөрүп калган бети-башымды бекитип, ар шылтоону айтам, » жыгылдым, тайып кеттим, алма терип жатып жыгылдым «деп… Канчалык намыстанып, жашырган сайын, токмоктогонунан ырахат алып, көрүнгөн эркекке жармаштырып, сабаганы көбөйө берди… Союз тараганда, иштеген иши да жоюлуп кетип, үйдө отуруп калганы , бул өнөрүн ого бетер күчөттү.. «Алып качып келгенимде, мени тоготкон эмессиң, эми айтып көрчү, ошол сөздөрүңдү» деп, жок жерден чыр чыгарчу.

Ошондой күндөрдүн биринде бир абысыным жентек той берип, үйүнө чакырып калды, үйдөн суранып, уруксаат алып кеткенмин, бирок, «саат 9 га келип кал» — деп жөнөттү. Улам саатты карап коюп, отургандай деле болбодум, колумда кичине балам бар, кызымды үйгө калтырган болчумун. Башында кызым ыйлап калбасын, кете берейин деп жатканмын, жеңелерим «сыйды көрүп кет эми, тамак бышып калды,» дегенде гана айттым, » азыр барбасам чыр болуп кетет » деп…

— Өзүбүз жеткиребиз, ошончо эле зулум болуп кеттиби, бөтөн жерде, жат үйдө отурасыңбы — деп, бир сааттай кечигип бардым. Абысындар жеткирип барса, жолдошум аларга » Чай ичкиле, курук чыкпай, Жаңыл силер менен үч күн жүрсө да эч нерсе дебейм, тууган адамбыз, ушу шашканың туура эмес да, буларды да убара кылып, качан адам болосуң»- деп, мени күнөөлөп койду. Өзүм да таң калып турдум, ишене албай… бирок, кээде ушинтип, маданияттуу болумуш болуп койчу эле…

Ошентип, аларды узаттык, үйгө кирип, дасторконду жыйнай баштагам… варенье, майларды идишке салып көтөрүп, чыга бергенде, сырттан шашып кирип, үн-сөзү жок, бет талаштыра койгондо, дубалга жабышып жыгылдым, колумдагы ширелер үстүмө төгүлүп, көзүмдөн от чачырап, жатып калдым. Бутунун соккусунан бетимди бекитип жаттым, ошол абалымда да…

Эртең ишке барам, көгөрсө уят деп ойлодум го…Урганда качкан же үнүмдү чыгарган жан эмес элем, денемдин оорусуна чыдабай, жалынганы калганда, катуу үндөн ойгонуп кеткен кызымды кайра жаткан жерине алып кирип кеткенден пайдаланып, үйдөн чуркап чыктым. Дарбазаны ачып, кайра артка кайттым, түн жарымда кимге барам, эмне деп арызданам, үстүмдөгү кийим да ширеге бапташып, адам корко турган абалдамын… Көп ойлонгонго убакыт жок эле, сарай жакка баратып, ал жактын жарыгынан көрүнүп калат деп, тандырдын астында кичинекей орун бар болчу, ит бата турган, ошол жерге кире калдым, бул көз ирмемде эле болду…Үйдөн чуркап чыгып, эшиктин ачык турганын көрүп, сыртка жөнөдү… мага баары көрүнүп турат. Кайра кирип, издөөсүн улантып жатканда, жүрөгүм оозума тыгылды, дем чыгарбай катып жатам.. Тандырдын жанынан кайра-кайра өтүп жатты, сарайдын жарыгын күйгүзүп, чөп жыйган жерлерден бери карап чыкты…

Акыры түңүлдү окшойт, үйгө кирип кетти. Сыртта жүргөнүм менен оюм баламда болуп жатты, ыйлабаса экен деп… Ал курганым да ойгонбоду, кудайдын боору ачыгыдай абалда жаттым. Коркконумдан үшүгөнүмдү да байкабай калган экенмин, денем сыздап ооруп жатты. Жайып койгон шейшепти алып оронуп жаттым, таң агарып келе жатканда, эшикте бирөө күйөөмдү чакырып келип калды, ал туугандарынын бири өтүп кеткенин айтып, шашылыш жөнөштү. Кетээринде кошунанын тестиер кызын сурап, үйгө киргизип койду. Мен козголо албай жаттым, бирок, баламды эстегенде, ооруну унутуп, үйгө кирдим. Көрсө, мени ооруп ооруканага кетти эле, үйдө балдарды карап турсун деп, апасынан кызды сурап чыгыптыр…

Ызам ичиме батпай, ыйлап да, кийинип да, балдарымды кийинтип да жаттым.. Кайда барышымды билбейм, атам, апам өткөндөн кийин үйгө барбай деле калганмын. Барганда деле көңүлүмдү улап койчу бир тууганым батыра албайт…Ойлонуп отуруп, эжемдикине барып, абалымды айтайын деп жөнөдүм. Жолдо турган машинага отуруп, жеткирип коюусун сурансам, түрүмдү көрүп боор ачыды окшойт, акча да албастан жеткирип койду.

Таң эрте эшигин шыпырып жүргөн эжем оозунан сөзү түшүп, абалымдан чочуп, сөз таппай , ыйлап жиберди. Эжеме баарын айтып бүткөнчө эле көзүм илинип кетиптир. Ойгонсом, балдарымды уктатып, жанымда көзү шишиген эжем абалымды сурап, күйөөм менен жашоомо чекит койгонун айтып, ыйлап отурат. Кызыгы, мен турмушка чыкканда да тагдырымды бирөөлөр чечсе, ажырашуумду да чечип коюшту. Эми, туугандарымды түшүнөм, жакшы жерге бүлө болсун дешкен да… Бирок, адамдын сыртынан баа бериш кыйын тура, атам, апам күткөндөй жашоого туш болбогонума ыйлаганым менен, ошол күнгө чекит коюлганына кубанып турдум…

Ошентип, кол үзөм деген жашоомо бел байладым.. Бирок, балдарымдын тагдырын ойлоп, көп кыйналдым… Эжем тааныштары аркылуу жумуш таап, квартира таап, Ошко алып келип койду. Тынч жашоом өзүмө жаккан менен, көңүл ооруткан күндөрүм эстен кетпей туруп алды.

Көп өтпөй эле жолдошум үйлөнгөнүн уккан эжем, менин да турмушка чыгып алуумду кайра-кайра эскертип жатты. Бирок , күйөөнүн баарын ошондой элестетип алган окшойм, чыккан жердин баарын кайтарып жаттым. Минтип балдарым чоңойду, иштеп жүрүп, үй-жайлуу болдум. Балдарымдын атасы балдарын бир да жолу сурап же кабар албады. Андайларга аял деле чыга берет экен, бешинчи жолу үйлөнүп, анысы капысынан эле каза болуп калды… Ал курганды да токмок менен куруттубу деп калдым.

Анан, кызымдын турмушка чыгаарын угуп, туугандарын жөнөтүптүр, балдардын шылтоосу менен жарашып алалы деп..

Ата дегенге деле татыксыз, мага күйбөсө да балдарынан кабар албаган адамдан мурда эле калган көңүлүм, биротоло калып, «өтүп кеткен»- деп койгонум ошондон улам болчу.

Көңүлүм жок болсо да, өзүмдү мажбурлап жашап, жашоону эки ажырым кылбайын дегениме карабай, тирилик дегенди улантайын деп, канча аракет кылдым, жапайы кылыгын унутуп калгандыр, бирок, мен унута албай койдум. Көңүл калган адамдын көлөкөсү да жаман көрүнөт деген сөз чын турбайбы.. Мен сага айткан окуя бир бүркүмү гана… Көп кылыгын айтканга ооз да барбайт… Эми балдарына келип ыйлап жатыптыр, жашым өткөндө, мени жалгыз таштабагыла деп… Балам: «Атамды үйгө алып келелиби, башка балдары карабай коюптур , боорум ачып жатат»- дегенинен, жөн гана барып, каралашып тур, кабар алып тур деген элем… Балам өз көзү менен көрүп, таң калып келди. Алып барып берген акчасын жалаң аракка жумшап, акыл айтса, бөтөлкө менен чааптыр.Башы жарылып келди, бирок, эч кимге айтпадык. Жашы өтсө да, кызыл камчы бойдон калыптыр. Балам азыр түшүнүп калды, бирөөдөн чай, нанын алып берип жиберет… Ушул жашоосуна да каниет кылбай, отурган-турган жеринде балдарын жамандап, аялдан жолсуз болгонун айтып, ыйлайт экен. Ата деген атка татыксыз экенин билбегендей сүйлөп коё берет тура… Мендей тагдырга кызым туш болбосо экен деп тилеймин, өзүнүн тандоосуна койдум, жакшы экенине көзүм жетип турат… Эми уулумду үйлөсөм, парзымдан кутулуп, ушулардын сыйын көрүп жашайын деп жүрөм…

Ушул, досум, мен балдарымдын тирүү атасын өлдү деп койгонума түшүндүң окшойт…

Бул окуяны угуп, ошол тойдо көрүнбөй калган атанын чоо-жайын угуп жатпаймынбы… Той башталганча ичпей тур деп туугандары араң кармап турган экен, сөз сүйлөп, ыйлаган болуп көрүнгөн ата дароо сыртка чыгып, мас абалга түшүп алганда, баласы тойду таштап, үйүнө жеткириптир… Өз милдетин эле эмес, адамдык парзын да унутуп койгон аталардын бар экенине зээним кейип турду… Атанын баласына берчү мурасы-татыктуу тарбия экенин унутуп калып, мени бакпай койду дегенди айткан пендени ким деп атаарымды билбей турдум…

Ошол учурда сырттан келген баласы мени менен сурашып, апасынын чөгүп турган маанайын көрүп, » Апа, мени унутуп калбаңыз»- деп, койгондо, досум жадырап, күлүп жиберди.

Көрсө, баласы апасынын маанайын көтөрүш үчүн , «Апа, сиздин маанайыңыз кандай болсо, мен ошол абалга түшөм, мени аясаңыз, эч капа болбоңуз» -деп суранган экен. Артында маанай түшүргөн жашоонун изи калган менен, күн сайын көңүлүн көтөрүп турган баласы бар экенине суктанып турдум…

Канча жашаарыбызды, кантип жашап калаарыбызды билбейбиз, бирок, көңүл калтырбай жашоо колубуздан келет го деп жол катар досумду аяп да, алкап да келе жаттым.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE