Пример HTML-страницы

Өзгөндө «Лексус» айдап бара жаткан жигит кармалып, 20 миң сом айып пул салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 9-май күнү Өзгөн шаарында унаасынын терезелерин караңгылатып алган айдоочуга 20 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, шаардын 2002-жылы туулган тургуну Н. уулу А. «Лексус» үлгүсүндөгү унаасынын алдыңкы терезелерин караңгылатканы үчүн Өзгөн райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан токтотулган. Айдоочу эч кандай уруксат кагазы жок, унаасынын терезелерин караңгылатып алганы аныкталган. Бул боюнча протокол түзүлүп, ага 20 миң сом айып пул салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE