Пример HTML-страницы

Таласта Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери Араке аксакал көз жумду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 8-май күнү Айтматов районунун Бакыян айылынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Араке Арстанбеков көз жумду. Бул тууралуу Turmush басылмасына акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, аксакал 98 жашта болчу.

Араке ата аскерге 1943-жылы күз айларында, 17 жаш курагында чакырылган. Алматыда 3 айлык согуштук машыгуудан өтүп, 1944-жылы январь айында маршал Георгий Жуков командачылык кылган Биринчи Белорус фронтунун курамында согушка кирген.

Согуш мезгилинде «Багратион» аскердик операциясына катышкан. Согуш учурунда жолдоштору менен Белоруссияны, Польшаны жана Бобруйск, Минск жана башка Белоруссиянын ири шаарларын фашистик баскынчылардан бошотууга катышкан.

Ардагер жеӊиштен кийин өзү кызмат өтөгөн аскердик бөлүк Белоруссиянын аймагында жайгаштырылып, ал жерде 1950-жылга чейин кызмат өтөгөн. «Берлинди алгандыгы үчүн», «Каармандыгы үчүн» жана башка юбилейлик медалдар менен сыйланган. Согуштан кайтып келген соӊ Талас шаарындагы кийим тигүү фабрикасында, андан кийин «Бейшеке» колхозунда эмгектенип, пенсияга чыккан.

Ардагер 5 кыз, 3 уул, 30дан ашуун небере жана 40тан ашуун чөбөрөлүү болгон.

————————————————————

Буга чейин Араке аксакал Талас облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери экени кабарланган. 17-апрель күнү Айтматов районуна Россиянын президентинин чет өлкөлөр менен аймактык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Игорь Маслов баштаган адамдар жумушчу сапар менен келип, ардагер Араке Арстанбековдон кабар алып, белектерин жана 150 миң сом акчалай сыйлык берип кетишкен.

Араке атанын эскерүүсү:

Аксакал 2018-жылы Turmush басылмасына берген маегинде кандуу жылдарды эскерип, 4 немисти колго түшүргөнүн айтып берген.

«Согушка 17 жашымда — 1944-жылы чакырылдым. Алгач үчүнчү Беларусь фронтуна, даңазалуу кол башчы Жуковдун кол алдына бардык. Жуков кең дадылуу, толмочунан келген баатыр эле. Немистерди кубалап, кармалганын туткундап, өлтүргөнүн өлтүрүп бара жаттык. Көз алдыбызда биз менен барган баатырдар өлүп калып жатышты. Мен жаштык кылдым окшойт, кармаган немистерди өлтүрө алган жокмун. 4 немисти тирүүлөй кармап бердим. Ошентип аларды кууп отуруп кечпеген деңиз, суулар калган жок. Кышы-жайы суу кечип, атышып жүргөндүктөн азыркы учурда буттарым ооруйт. Колубузда курал, өзүбүз болсо ачкабыз. Согушуп бара берип Германияга чейин жеттик. Ал жерден катуу атышуу болду. Акыры Берлинге кирип барып, Жуковдун командачылыгы менен немистерди багындырдык. Өзүмө ок тийбесе дагы жеңил жаракаттарды алып келдим. Согуш бүтүп, кубануу менен кайттык. Мекен үчүн курман болуп, окко учкандар ошол жерде көмүлбөй калды. Биз келдик, алар калды… (ойлонуп).

Жеңиш күнү ыйладык, сүйүндүк. Азыркы замандын жашоочуларына жаркын келечек тартууладык. 1947-жылдан 1950-жылга чейин Белоруссиянын Минск шаарында аскердик кызматымды өтөп калдым. Аскерден, согуштан келген соң дыйканчылык менен алектендим. Оорчулук күндөр баштан өттү. 1956-жылы үйлөндүм. Байбичем Райкан экөөбүз уул-кыздуу болдук. Балдарымдын бардыгы билимдүү, өз турмуштары менен алек. Азыркы учурда 40 небере, 30 чөбөрө, 15 кыбырам бар», — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE