Пример HTML-страницы

Кант шаарында Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКант шаарында Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда,итш-чара эстеликке гүл коюу менен башталып, согушта курман болгондор эскерилип, аскерлер тарабынан асманга ок атылды. Саамалык райондук маданият кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду. Кант шаардык мэриясы тарабынан аскер боткосу даярдалып, майрамдын катышуучуларына таратылды.

Ошондой эле Ысык-Ата районунда Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы тылдын эмгекчилерине сый-урмат көрсөтүлдү.

Акимчиликтин маалыматына караганда, 98 жаштагы Николай Грицай менен 96 жаштагы Татьяна Евдокимованы Улуу Жеңиш майрамы акимдин орун басары Нурбек Сагынбаев куттуктап, акчалай белек жана азык-түлүк тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE