Пример HTML-страницы

АРКАН БАР ДЕДИ…

https://kyrgyzcha.site/?p=57527&preview=true Кызыктуу окуялар.

АРКАН БАР ДЕДИ

 

Ал мезгилде 10- классты буткон чагым, жай мезгили кучундо, тайэжемдикине барып келейин деп атаман сурандым, 2 сааттык жол автобус менен,, эжем уул тороп, жездем учоо ата- энесинен болок турушат эле. Атам макулдугун берип, жолдон кур кол барбай, нан , конфет дагы озун карап алып бар деди. Таэжем суйунуп тосуп алды, боломду которуп, бака шака тушуп , кун сонуна чыкты. Жатаар маал келип, эжем мага торку болмону корсотту, тошогумду салып, светти очурдук. Тез уктап кала албайм, уйдо уктабаган бироонун уйундо ансыз эле. Козумду жумуп ар нерсени ойлонуп жаткан элем, бир маалда сол колума жылуу жумшак нерсе сойконуп отту, мышык келди …

 

Деп ойлогуча ал нерсе секирип кокурогумо чыкты, эжемдин мышыгы жок эле деген кийинки оюм болду, чалкаман жаткан элем, биринчи женил гана сезилген неме оорлошуп бара жатты… Бул биринчи жолу эмес, мен баарын тушундум, басырык басты деп койот бизде, денем кыймылсыз, кыйкырайын десем унум чыкпайт. Кокурогум оорлошуп эле бара жатат. Келме айта баштадым, бир эле келме билет элем, кайталап айта бердим, айта бердим. Колу бутум иштебей унум чыкпай калганда ичимден келме айткандан башка аргам жок эле…

 

Аз аздан кокурогумдо отурган нерсе женилдей баштаганын сездим, келмемди узбодум. Акыры кандай пайда болсо ошондой ал нерсе жок болду, кадимкидей секирип тушуп кеткенин сездим.. Денем кыймылга келип атып эле туруп, коридорго чуркап чыктым, эжемдердин дарбазасын такылдаттым, тынччылыкпы деп уйку суроо менен эжем чыкты. Болгонун болгондой айтып берсем, туш коргон турбайсынбы деп урушуп койду кайра мени. Бычак сурадым, алар дарбазасын ачып мен да оз болмомдукун ачтым, коридордо светти очурбой турган болду эжем, мен бычакты жастыгымдын алдына каттым, дайыма басырык баскандан мени бычак коргойт эле…

 

Ал тундун калганы тынч отту, эртеси эжем дагы эле ишенбеди мен уктай элек болчумун деген созумо, ал уй коп жылдар бош жаткан уй эле, эжем уй- булоосу менен кочуп кирип жашашканына аз эле убакыт болгон экен. Окуучу мезгилимде басырык коп басчу, дайыма бычак жастыгымдын алдында кыстарылуу. Тайэнем эмчи, жаш балдарды кирнелеп, журок которуп жардамын аябайт, аны издеп жакынкы айылдардан да келишет элдер. Бир аз кун эжемдикине коноктоп ал жерден тайэнемкине жонодук, эжем да апасын сурап барат а мен тайэнемди корбогонумо бир жыл болуп кетиптир. Мен башымдан отконун айтсам ал тан калган жок, сенде да демек мага берилген сапат бар деди. Чындыгында мен тайэнемкине баргандан корком, уйу озунчо эле сырдуу корунот, кечинде болмолоруно озум жалгыз кире албайм да.

 

Тайэжем уйуно кетип, мен калдым тайэнемкинде. Ал адатынча мени кирнеледи, журогун тушуптур деп коргошун куйду. Мен жактырбаган тун да келди, уктаар маал. Копко жаттым уктай албай элдин баары уктаган, акыры мен да уктадым. Тушумдо мен жаткан болмодон чыккан терезеден ары жагында , жыгачтан эле тосулган кашаа бар эле. Кашаанын нары жагында 4 кичине бала турат, баары кашаага жармашып биздин терезени карап турушат, кийгендери аппак боз, жени бутун коро албадым, ал тушум тугонуп эле башка тушко отуп кеттим, уйдун дарбазасы пластиктен болгондуктан, ортосунда эки кабат айнек, узун бойлуу жакшына келин баш багып мени карап туруп- туруп анан жок болуп кетти.

 

Эртеси тушторумду тайэнеме айттым, кичинекей балдар сенин колдоочуларын а баш баккан аял сенин апан, келгенинди угуп кызын коройун деп келгендир деди. Апам отуп кеткенине канча жыл болгон эле. Тайэнем мени » мойнуна алып» жашагын болбосо сени кыйнай беришет деген эле, басырык келеби, жолун болбой ооруйсун, жакын адамдарынды алып кетишет… Корчу мен мойнума албай канча баламдан ажырадым… Бул создор дайым менин ойумда, эмне кылсам, тайэнем айткан дуйнону моюнга алуу- мен коркуп жатсам кантип жашай алам? Тайэнем конуп кетесин биринчи мезгилде коркосун кийин коркпой каласын деген… Бирок мен эч нерсе чече элекмин….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE