Пример HTML-страницы

Чүйдөгү жол сакчылар түндө абалы оорлоп бара жаткан аялды ооруканага жеткирүүгө жардам беришти (видео)

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush29-апрелде Чүй ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери рейд учурунда ичинде оор абалдагы жүргүнчүсү бар жеңил унааны ооруканага чейин коштоп барышты. Бул боюнча аталган түзүмдөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, окуя түнкү саат 03:00 чамаларында Бишкек-Нарын-Торугарт ички унаа жолунун 8-чакырымында болгон.

«Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери түнкү кезметте «Рулда» аттуу рейд өткөрүп жаткан. Ошол учурда «Ауди» унаасын токтотушкан. Айдоочу ичинде жүргүнчү катары бара жаткан айымдын ден соолугу начарлап, кыйналып жатканын билдирген. Бул маалыматтан соң кызматкерлер аталган унааны республикалык оорукананын хиругия бөлүмүнө коштоо менен жеткиришкен», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE