Пример HTML-страницы

Жети-өгүздүк Айдин Калматаев 8 миң долларга чейин бааланган койлорду багып келет

Акыркы жанылыктар

TurmushЖети-Өгүз районунун Чырак айылынын тургуну Айдин Калматаев Арашан породасындагы койлорду багып келет.

«Үйдө атам чарба койлорун бакчу. Анан өз алдымча изденип, сандан сапатка өтүүнү көздөп, Арашан породасындагы койлорду багууну өздөштүрө баштадым. Ошентип, 2020-жылы Арашан козуларын сатып алып, бага баштадым.

Булар кадимки чарба койлордон айырмаланып, ири салмагы жана узун кулактары менен өзгөчөлөнөт экен. Үч жылдан бери төл башы да жакшы болду. Бүгүнкү күндө бир айлык козулары 4500 доллардан сатылса, чоң койлор 7-8 миң доллардан бааланат. Кыргызстандын аймагынан жана коңшу Казакстандан буюртмалар арбын.

Жакында эле Белый атуу кочкордун бир айлык козусу 4500 долларга сатылды. Аталган кочкордун салмагы учурда 170 килограммды түзөт. Белый аттуу кочкор 3 жашта, биз асылдаштыруу кылып, көбөйтүп жатабыз», — дейт Айдин Калматаев.

Бул порода 1970-2021-жылдары Кыргызстанда чыгарылган.

Фермерлер 1977-жылы Тажикстандан гиссар породасындагы кочкорду алып келип, жергиликтүү кылчык жүндүү кой менен аргындаштырышкан. Аргындаштырылгандан кийинки туулган экинчи муундагы козуларын көбөйтүшкөн. «Арашан» породасындагы койлорду бийик тоолордо жана талааларда багууга ылайыктуу келип, козулары тез чоңоюшат. Көлөмү чоң, куйруктуу келип, 7-8 айлык козуларынын салмагы 48-61 кг, бир жаштагысы 60-78 кг, ал эми чоң койлорунун салмагы 109-177 килограммга чейин жетет. Ошондой эле сөөгү жеңил жана катуу келет. Кочкорлорунун мүйүзү болбойт.

Республика боюнча «Арашан» породасындагы койлордун жалпы саны 5800 баштан ашат. Козуларынын болжолдуу баалары 1000 доллар, ал эми койлору 5000 доллардан жогору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE