Пример HTML-страницы

СЕН БҮГҮН КУРАН КИТЕБИНЕН БИР АЯТ БОЛСО ДА ОКУДУҢБУ? 

https://kyrgyzcha.site/?p=56419&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

СЕН БҮГҮН КУРАН КИТЕБИНЕН БИР АЯТ БОЛСО ДА ОКУДУҢБУ?

 

Албетте Куран китебин окуп туруу – ыймандын бекем болуусуна жана көптөгөн соопторго жетүүгө эң негизги себептерден. Куран – Аллах Тааланын пенделерине берген ыйык Китеби. Ал караңгылыктан жарыкка баштоочу Китеп. Дүйнөдөгү бүткүл мусулмандардын таяна турган эң биринчи булагы. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Куранды жатка билип жана аны окуп жүргөн адам улуу периштелер менен бирге болот. Ал эми Куранды тили келбей кыйналып окуп жүрсө, анда ал адамга эки эсе сооп берилет». (Бухари, Муслим)

Эки эсе сооп дегендин мааниси: Биринчи сооп окуганы үчүн, экинчи сооп кыйналып окуганы үчүн берилээри айтылган.

 

Башка бир хадисте Аллахтын Элчиси Куран окуганда бериле турган сооп жөнүндө мындай деп айтты: «Ким Куран китептен бир тамга окуса, анда ага бир сооп жазылат. Ал эми андагы бир сооп он соопко көбөйтүлөт. Мен (Алиф, Лям, Мим) бир тамга деп айтпаймын, тескерисинче (Алиф) бир тамга, (Лям) өзүнчө бир тамга, (Мим) дагы өзүнчө бир тамга». (Тирмизи)Бул хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Курандын ар бир тамгасына он сооптон берилээрин айтты. Ошондуктан Куранды тажвид менен туура окууну үйрөнүүгө шашыл. Куранды мыкты билген инсандан үйрөнгөнүң абзел. Себеби ал сага туура түшүнүүнү жана тажвид менен кооз окууну үйрөтөт.

 

 

Хаббаб ибну Арат, радыяллаху анхунун, сөзүн эсиңе бекем сактап ал: «Аллах Таалага алың жетишинче (ибадат менен) жакын болгонго аракет кыл. Бирок билип ал! Чындыгында Куран окуу менен Аллахка жакындаганчалык башка ибадат менен жакындай албайсың».

 

 

Канчалаган ибадаттарды кылсаң да, орозо тутуп, кулдарды азат кылып, садака берип жүрсөң да, бирок баары бир алардын сообу Куран окугандын сообуна жетпейт. Айтайын дегеним бир гана Куранды окуп жүрүү эмес, балким күнүмдүк ибадаттарыңды Куран китебин окуу жана жаттоо менен баштаганың алда канча жакшыраак.Ибну Масууд, радыяллаху анху, айтты: «Кимде ким Куранды жакшы көрсө, анда ал Аллахты жана Анын Элчисин жакшы көргөн болот».

КУРАН ЖАТТАГАНДАРГА АЛЛАХ ТААЛА ЭМНЕЛЕРДИ УБАДА КЫЛДЫ?

 

 

Чындыгында Аллах Таала Куран жаттаган адамдарга көптөгөн жакшылыктарды берүүнү Өз кепилдигине алган.Алар:

 

1-КУРАН ЖАТТАГАН АДАМДЫН БУЛ ДҮЙНӨДӨ ЖАНА АКЫРЕТТЕ КАДЫР-БАРКТУУ БОЛУУСУ

 

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Чындыгында Аллах Таала бул Китептин (Курандын) себебинен бир элдин кадыр-баркын көтөрөт, ал эми башкалардын кадырын түшүрөт». (Муслим)

 

2-АЛЛАХ ТААЛА АЛ АДАМГА ЖАКШЫЛЫК КААЛООСУ

 

Хадисте айтылган: «Аллах Таала кимге жакшылык кааласа, анда аны динди түшүнүүчүлөрдөн кылып койот». (Бухари, Муслим)Динди эң жакшы түшүнүү – бул Куран китептин маанилерин түшүнүү, ошону менен бирге жатка билүү жана аны окуп туруу.

 

3-КУРАН ЖАТТАГАН АДАМДАР АЛЛАХТЫН ТАНДАЛГАН ПЕНДЕЛЕРИ

 

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Чындыгында Аллахка жакын пенделер бар». «Оо Аллахтын Элчиси! Алар кимдер?» — деп сурашты. Пайгамбар мындай деп жооп берди: «Алар Куран эли (Куранды окуп ага ой жүгүрткөндөр!) Мына ошолор Аллахтын жакын жана тандалган пенделери». (Ибну Маажах)

 

4-КУРАН ЖАТТАГАН АДАМДАРДЫ УРМАТТАП СЫЙЛОО – БУЛ АЛЛАХТЫ УЛУКТАГАНГА ЖАТАТ

 

Хадисте пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:«Чындыгында Аллахты улуктоонун белгиси – карыган мусулманды урматтоо. Ошондой эле Куранды жатка билген, (андагы өкүмдөргө) аша чаап же кайдыгер карабаган адамды урматтап сыйлоо». (Абу Дауд)

 

5-КУРАН ЖАТТАГАН АДАМДЫН БЕЙИШТЕГИ ДАРАЖАСЫНЫН БИЙИК БОЛУУСУ

 

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айткан: «Куран окуган адамга (акыретте) айтылат: Дүйнөдө Куранды кандай кооз окуп жүргөн болсоң, ошол сыяктуу кооз окуп жогору көздөй көтөрүл. Акыйкатта акыркы аятты окуп токтогон жерде сенин жайың болот». (Абу Дауд, Тирмизи)

 

6-КУРАНДЫ ЖАТТАГАН АДАМГА КУРАН ШАПААТ КЫЛАТ

Хадисте пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айткан:

«Куран китепти окугула! Чынында Куран Кыямат күнү, аны окуган адамга шапаат кылат». (Муслим)

 

7-КУРАН КИТЕП СУРАК КҮНҮ ДАЛИЛ БОЛОТ

 

Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айткан:«Сурак күнү Куран жана ага амал кылган адамдар келишет. Алардын алды жагында Бакара сүрөөсү менен Аалу Имран сүрөөсү келет. Бул эки сүрөөнү окуп жүргөн адамды алар булут сыяктуу, же күндүзү түшкөн кара көлөкө сыяктуу, же эки топ чымчыктар сыяктуу коргоп турушат». (Муслим)

 

8-АЛАР ҮММӨТТҮН ЭҢ ЖАКШЫЛАРЫ

 

Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:«Силердин эң жакшыңар – Куранды үйрөнүп кайра аны башкага үйрөткөнүңөр». (Бухари)

Мына эми ушунча соопторун окуп билгенден кийин буларга ээ болушту кантип каалабай койосуң? Сен мусулман болуп туруп, Раббиңдин сага болгон жеңил соопторунан куру кала бересиңби? Эмнеге бул соопторго жетишке жан-дилиң менен аракет кылбайсың? Бул дүйнөдөн көз жумсаң дагы анын сооптору сага жетип турушун каалабайсыңбы? Эгерде өзүң үйрөнүп башка адамдарга үйрөтө турган болсоң, анда алардын окуган сооптору да, жадагалса башкаларга үйрөткөн сооптору да сага жетип турат.

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айткан:

«Кимде-ким (бир адамды) жакшылыкка чакырса, анда ага ошону кылган адамга берилгендей сооп берилет жана алардын соопторунан эч нерсе кемибейт». (Муслим)

Эгер сен досторуң менен, же кайсы бир жамаат менен Куран жаттоо үчүн же окуу үчүн чогулган болсоңор, анда тынчтык жана бейпилдикте болосуңар.

Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айткан:

«Кайсы бир жамаат Аллахтын үйлөрүнүн биринде Куран окуп жана бири-бирине үйрөтүшсө, анда аларга тынчтык келет, аларды мээримдүүлүк курчайт, периштелер тегеректеп турушат жана Аллах Таала аларды пайгамбарлар менен улуу периштелердин алдында эскерет». (Муслим)

Аллах Таала айтты:

«Аллахтын китебин окуп тургандар, намаз окуп жүргөндөр жана биз берген ырыскыдан ачык же жашыруун садака кылгандар, алар (Биз менен) зыянсыз соода кылууну эңсегендер». (Фатыр сүрөөсү, 29-аят)

Башка бир аятта айтты:

«Биз адамдарга берген китепти (бурмалабай) туура окугандар, алар ага (китепке) ыйман келтиргендер. Ал эми ким ага ыйман келтирбесе, алар кыйроого учурагандар» (Бакара сүрөөсү, 121-аят)

 

 

КУРАН ОКУУНУН АДЕБИ

 

1-Аллахтын ыраазычылыгына жетүү үчүн жана Ага жакын болуу үчүн гана окууга ниеттенүү.

2-Даарат менен окуу3-Мүмкүндүгү болсо мисвак колдонуу

 

4-Мүмкүндүгү болсо кийген кийими, отурган жайы таза болуусу жана кыбыланы карап отуруусу5-Куранды туура окуу жана андагы маанилерине ой жүгүртүү

6-Ылайыктуу убакыт тандап алуусу. Мисалы: Багымдат намазынан кийин, же кеч кирип айлана-чөйрө бир аз тынч алган кезде

7-Күнөө иштерден алыс болуусу

 

 

Аллах Таала бизге Куран жаттоону жана аны ар бир күнү калтырбай окуп жүрүүнү насип кылсын!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE