Пример HTML-страницы

А.Асанбаева «Жылдын мыкты мугалими-2024» райондук сынагынын баш байгесин утуп алды (маек)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Буденовка орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Асанбаева Акылай Жекшеновна райондо өткөн «Жылдын мыкты мугалими-2024» сынагынын баш байгесин утуп алган. Каарманыбыз менен аймактык кабарчы таанышты.

Акылай айым 1989-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Бала-Чычкан айылында төрөлгөн.

«Ата-энем карапайым үй-бүлөдөн. Беш бир тууганбыз: үч кыз, эки эркек. Агам, анан эле мен, калгандары кичүүлөр. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу Бишкек шаарына көчүп келип, Туңгуч кичи районунда отурукташып калганбыз. Ошол эле Туңгуч кичи районундагы №73 орто мектебинде окуп, 2010-жылы бүтүрдүм. Ошол эле жылы Таштан Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык колледжине тапшырып, 2010-жылы ийгиликтүү аяктадым. Окуумду бүткөндөн кийин турмушка чыктым. Учурда жолдошум экөөбүз үч кыз, эки уулду тарбиялап жатабыз.

Мен мурда жашоодо эки нерсени тандоодо жаңылбаш керек деп көп угуп калчумун. Биринчиси өмүрлүк жар, экинчиси кесип. Себеби, экөө тең сени өмүрүңдүн аягына чейин коштоп жүрөт экен. Мен экөөнү тең туура тандадым деп сыймыктануу менен айта алам», — деди каарманыбыз.

Ардактуу мугалим билимин жогорулатып, учурда Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинде окуп жатат. Алгачкы эмгек жолун 2017-жылы Ысык-Ата районуна караштуу Буденовка айылындагы мектептен баштаган. Эмгек стажы 6 жыл.

«Ар бир баланын кумир туткан адамы биринчи мугалими болот эмеспи. Ошол сыяктуу мен дагы биринчи мугалимим Жүрсүн эжедей мугалим болууну самачумун. Анан албетте, менин балдарга болгон өзгөчө сүйүүм болду го дейм. Балдар менен иштешүү мага күч, дем берет.

Ал эми “Жыл мугалими” сынагына бир жума же бир ай даярдануу мүмкүн эмес. Бул көп жылдык талыкпаган эмгекти, изденүүнү, мугалимдин чеберчилигин талап кылат. Мен буга чейин өз билимимди жогорулатуу максатында көптөгөн окуу курстарынан өтүп, диплом, сертификаттарга ээ болгом. 2021-2023-жылдары Ысык-Ата районуна караштуу мектептер арасында мугалимдердин математика сабагынан квалификациясын жогорулатуу боюнча улуттук тренер катары эмгектенип, билимимди бөлүшүү менен бирге өзүмө тажрыйба топтодум. Мына ушул сыяктуу эмгектер өзүнүн үзүрүн берди деген ойдомун. Баш байге тууралуу айта турган болсок, сынакка катышкан ар бир мугалим “Мыкты мугалим” наамын алыш үчүн катышат. Мен дагы ошондой бийик максат менен катышкам. Бирок мен үчүн күтүүсүз болду», — деди ал.

Акылай айым мугалимдик кесип жөнүндө жана окуучуларынын кызыктуу окуяларынан, келечектеги максаттарынан айтып берди.

«Мугалимдик — кесип эмес, тагдыр дешет. Мугалимдин бош убактысы деле болбойт. Биз мектепте гана мугалим болуп калбайбыз. Үйдө жүргөндө дагы бардык ой-кыялыбыз мектеп менен байланыштуу болот. Жумуштан сырткаркы убактыбызды дагы эртеңки өтө турган сабагыбызды даярдоого, боло турган иш-чараларга даярдык көрүүгө жумшайбыз. Ошондой болсо дагы үй-бүлөмө, балдарыма убакыт бөлүүгө аракет кылам. Гүл өстүрүүгө кызыгам. Гүлдөр менин көңүлүмө тынчтык алып келет, эс алдырат.

Окуучулар менен кызыктуу күндөр көп болот. Ошолордун бирин айта кетсем. Кыш мезгили болчу. Рахат аттуу окуучум эртең менен шашып, апасынын бут кийимин кийип келиптир. Көрүп алып бир чети күлкүң келет, бир чети окууга деп шашып, кийип келген бут кийимин класстан байкап, ыңгайсыз болгон окуучунун кебетесин көрүп аяп кеттим. Эртең менен атасы “бол кечигесиң” деп шаштырса, печканын жанында турган бут кийимди кийип кете бериптир. Апасы келип, алмаштырып кеткен. Кээ бир окуучулар сумкасын унутуп келген учурлар болгон. Айтор, ар бир күнүбүз кызыктуу өтөт.

Келечек тууралуу сөз кыла турган болсок. Мен өзүмдү мыкты мугалим эмес, мыктылыкка умтулган мугалим катары сезем. Келечекте мен окуткан балдар өз жерине салымын кошуп, ийгиликтүү инсандардан болуп чоңойсо дейм. Ушул мугалимден билим алып, көп нерсени үйрөнгөм деп, сыймыктануу менен айткан мыкты инсандарды көргүм келет. Албетте, андан сырткары өзүмдү ар тараптуу өнүктүрүү максатында дагы да талыкпастан эмгектене берем», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE