Пример HTML-страницы

Ак-Талаа районунда 3 айда 18 кылмыш катталып, анын үчөөсү аялдар тарабынан жасалган

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Талаа районунда 3 айда 18 кылмыш катталган. Анын үчөөсү аялдар тарабынан, 14ү эч жерде иштебеген жана окубаган жарандар тарабынан жасалган. Бул тууралуу Ак-Талаа районунун прокурорунун жардамчысы Н.Тураходжаев билдирди.

Анын маалыматына караганда, былтыркы жылдын 3 айында 20 кылмыш катталган болсо, быйылкы жылы бул көрсөткүч 18ди түзүп, 2 кылмышка аз катталган. Ошондой эле, оор жана өзгөчө оор кылмыштар категориясына кирген кылмыштар 1ге жана уурдоо фактылары 9дан 7ге же 2 кылмышка азайган.

Кылмыш жасаган адамдардын жалпы саны 19 адамды түзүп, 3 кылмыш аялдар тарабынан, 14 кылмыш эч жерде иштебеген жана окубаган жарандар тарабынан, 4 кылмыш мас абалда жасалган. Киши өлтүрүү, зордуктоо фактылары катталган эмес.

«2024-жылдын 3 айында жалпы 126 арыз жана билдирүүлөр боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен 16 материал боюнча кылмыш иши козголгон. 91 материал боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Анын ичинен 23 материал боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде чара көрүлүп, 3 материал боюнча жарандар арыз жазуудан баш тарткандыгына байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Ал эми калган материалдар боюнча кылмыштын курамы аныкталган эмес.

Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 11 (10 билдирүү менен, 1 жарандын арызы) факты катталып, жыйынтыгы менен 6 материал Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде чара көрүлүп, 2 материал боюнча соттук экспертизалар дайындалып, корутундулары күтүлүүдө. Калган 3 материал боюнча үй-бүлөлүк зомбулук фактылары аныкталбагандыктан кылмыш ишин козгоодон баш тартылган», — деди ал.

Ак-Талаа райондук прокуратурасы тарабынан кылмыштуулуктун жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алын алуу боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусу менен ведомстволор аралык ыкчам кеңешмелер өткөрүлүп келет. Анын жыйынтыгы менен район аймагында кылмыштуулуктун жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу максатында жер-жерлерде тийиштүү иш-чаралар, профилактикалык түшүндүрүү иштерди жүргүзүлүп келүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE