Пример HTML-страницы

Сокулукта түн ичинде унаа жолдо жаткан мас адам табылды (видео)

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush7-май күнү Сокулук районунда Бишкек—Ош унаа жолунун ортосуна жатып калган мас кишини жол тескөөчүлөр куткарып калышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Ал эми Чүй ОИИБдин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы маалыматты тастыктап, окуя 7-май күнү саат 03:00 чамасында болгонун билдиришти.

«Бишкек—Ош унаа жолунун боюндагы Военный-Антоновка айылында 1 адам жолдун ортосуна жатып алганын кызматкерлер байкап, жолдоп алып, кырсыкты алдын алышкан. Ошол учурда жолдон өтүп бара жаткан жаран жол тескөөчүлөрдүн аракетин видеого тартып алган», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE