Пример HTML-страницы

Туткун кыз 9 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=20913&preview=true Кызыктуу окуялар.

Туткун кыз

9-болум

ЭЭН ҮЙЛӨРДҮН КОЖОЮНДАРЫ

Түнү менен чоң темир түтүктүн ичине жашынып алып түнөп чыккан Диана айланага жарык кирип, көчөдө кыймыл башталганда ордунан туруп сыртка чыкты. Түндөгү ичкендикиби башы зыңылдап, сынып кетчүдөй болуп ооруп атты. Мончонун терезесинен сыйгаланып түшүп келатканда чыгып турган мыктын учу балтырына илинип тилип кеткен болчу. Катуу чочулап качып келаткангабы, түндө анча билинген эмес, азыр сыздап, жанын жеп ооруп жатты. Алиги мыкка айрылып кеткен көйнөгүн ууштай кармап, сыртка чыкты. Калаанын бул жери курулуш иши башталып ошол боюнча токтоп калгандыктан эл азыраак ээнирээк экен. «Эмне кылышым керек, кантип акча таап эч кимге билгизбей Ташкенден Кыргызстанга качып кетем. Жок, экинчи Бишкек жакка барбайм, ал жакты желкемдин чуңкуру гана көрсүн. Өзүмдүн Токмогума эле кетем кайра. Бишкекке келем деп эмне жыргалды көрдүм, аз жерден өзүмдүн келечегиме балта чаап ала жаздадым. Качаарын го эптеп качып чыктым, эми кайра кантип жетем Кыргызстанга. Автовокзалга барсам кайра кармап алышат, темир жол вокзалынан деле пайда жок, тигилердин кишилери шимшилеп жүрүшөт. Ал эми аэропорт жактан үмүтүмдү үзүп эле койгонум оң, самолётко түшкөндөй акчам деле жок, баары бир бул жактан болбосо да Бишкектин аэропортунан мени кармап алышат. Эми кармалсам өлдүм дей бер, мени жөн гана өлтүрүп коюшат. Тигил Бишкек жактан бул жакка жөнөөрдө катуу эскертишпеди беле «качуу деген оюңда да болбосун, анда эле ишиңдин бүткөнү дей бер, сени

жөн гана өлтүрүп, көзүңдү тазалап коюшат» деп. Алардын колдоруа түшкөндөн көрө өлгөнүм эле артык. Колдон келсе колго

түшпөгөнгө аракеттенишим керек. Эми түрмөгө кайра барганча тиги дүйнөгө кеткеним артык. Тирүүлөй тозокко түшкөнчө тиги дүйнөнүн тозогуна барганым оң… Та-ак, эмне кылышым керек, акчаны кайдан табам, кимден сурайм. Жок дегенде бул жакта тааныштар болгондо эмне. Үйдөгүлөр менен телефон аркылуу байланышсамчы?  Ага да баары бир акча керек да. Бул айрылган көйнөгүмдөн башка эч нерсем жок, бир нерсем, шакек- сөйкөлөрүм болгондо арзан баага өткөрүп жиберип ошонун акчасы менен кетип калат элем». Ал ошол күнү кечке курулуп бүтпөй калган көп кабаттуу ээн үйдөн сыртка чыккан жок. Чыкса эле дароо кармап алчудай туюлуп жатты. Тилекке жараша бул жакка эч ким деле басып келбейт экен. Күндүзү түшкө маал балдар келишип, биринчи кабатына ойношуп, анан кайра кетип калышты. Кайрадан айланага күүгүм киргенде үстүнкү кабатына көтөрүлүп барып, кичинекей бөлмөгө кирди да ошол жерге уктамай болду. Күндүзү бөлмөлөрдү кыдырып картон кагаз чогултуп койгон ошолорду астына калың кылып төшөп, узунунан кеткен картонду үстүнө жаап алды. Бул кичине бөлмөнүн терезелери жок болгондуктан жакшы жери жер аңылдап үйлөбөйт экен.Ошентсе да үшүп атты. Акырындап курсагынын ачканы да билине баштады. «Ызы-чуу түшүшө азыр мени издеп жүрүшөт го. Ушул боюнча кармалбай кетсем кандай гана жакшы болот эле». Өткөн түнү уктабагандыкы акырындап бүрүшүп жаткан боюнча көзү илинип кетти. Бака-шака чыккан үндөн чочуп ойгонду, балдар экен. Бирөөсү Диана жаткан эшикти ачып ийип таңгала карап туруп калды. Бир аздан кийин ары жактан да балдар чуркап келишип жалдырай карап калышты. Кара чач, сары чач ар кайсы улуттагы балдар экен.

Өңдөрүнөн бир нерсе болсо эле качканга даяр турушканы билинип турду. Кантсе да буларды чочутпаш керек болчу. Жалдырай карап турушкандардын улуурагы унчукту.

— Кто вы?

Татынакай, өңү-башы келишкен келбеттүү сулуу кыздын картондордун арасында жатканына бардыгы таңгала карап турушту.

Мындай караганда көрүнгөн жерге конуп-түнөп жүргөн селсаяк адамдарга эч окшобойт болчу. Диана тигилердин суроосуна жооп бергендин ордуна кайра жегенге бир нерсе сурап кайрылды.

— Ребята, дайте хлеб, есть хочу…? Тигилер ого бетер таңгалыша бири-бирин карап калышты. Анан бирөөсү ары карай чуркап кетти.

— Я сейчас принесу хлеб.

Ал көп өтпөй эле кайдан-жайдан тапканы белгисиз жарым бөлкө нан алып келе койду. Бир жарым суткадан бери оозуна наар албагандыктан бөлкөнү ала коюп жанталаша жеп кирди. Тигилер Диананы нан жеп бүткөнчө жалдырай карап турушту.

— Воды принести?

— Ага.

Алиги бала кайрадан чуркап кетип бөтөлкөгө суу алып келе койду. Суу ичип бүткө соң улуураагы кайрадан суроо берди.

— Теперь скажите, кто вы?

 

 

 

КОРКУНУЧ АЛЫП КЕЛГЕН АДАМДАР

 

 

 

Диана аларга эмне жооп айтары билбей шашып калды, кандай болсо да балдарды ишендире турган жооп табыш керек болчу. Кимдир бирөөлөрдөн качып өз жергесине кете албай жүргөнүн айтты, бул жөнүндө эч кимге ооз ачпоолорун суранды. Ал жаш секелек балдар менен достошуп ар биринен эч кимге айтпайм деген сөз алып, ийне-жип алдырып келип, айрылган көйнөгүн билгизбей тигип алды. Курулуп бүтпөй токтоп калган ээн үйдө Диана дээрлик беш күндөй жашады. Балдар кезек менен ал жерге үйлөрүнөн тамак алып келип бери турушту. Бул жерге көпкө деле пашпаанек кылып турууга мүмкүн эмес эле. Анткени аны секелек балдардын бирөөсү болбосо бирөөсү эне-атасына кокусунан айтып коюшу мүмкүн болчу.

Алтынчы күнү таң атпай ошол курулуп бүтө элек үйлөрдүн короосунун ичине кандайдыр чет элдик машиненин келип токтогонун көрдү. Бешинчи кабаттын айнек салынбаган терезесинен акырын шыкаалап, төмөн жактагыларды акмалай баштады. Машинеден беш-алты киши чыгып курулуп бүтпөгөн көп кабаттуу үйлөрдү көрсөтүшө, өз ара бир нерселерди сүйлөшүп жатышты. Үйдү курчай алтоосу алты жакка чачырашып Диана жашынып турган үйгө кадам ташташты. Бирөөсү машиненин жанында калып «сотовый» телефон аркылуу кимдир бирөө менен сүйлөшүп жатты. Алардын кыймыл-аракетин, түрлөрүн көрүп Диананын жүрөгү алкымына тыгылды. Алиги саунадагы көзөмөлчүлөрдөн эч айырмалары жок болчу. Экөөсү үйдүн ичине киришип, калгандары сыртта эки жакка көзөмөл кылып калышты. «Точно ошолор…» — Диана эмне кылаарын билбей шаштысы кете түштү. Үйдүн арты менен качып кеткенге мүмкүнчүлүк бар бекенби дегендей ары жактагы бөлмөгө

өтүп, терезеден акырын төмөн жакка көз жүгүрттү. Ал жакта да бирөөсү туруптур. «Шайтан алгырдыкы десе эми эмне кылам?, точно эле ошолор экен. Бул жактан качып чыга албай калдым окшойт. Кармалсам өлдүм. Жо-жок, буларга кармалгандан көрө терезеден боюмду таштайм».  Экөөсү биринчи кабаттын ар бир бөлмөсүн эч нерсеси калтырбай текшерип жүрүштү. Үй-жайы жок селсаяктар кез-кез бул ээн үйгө келе калып түнөп кетишчү, ошолор жатка жерлерди көрдү. Анан экинчи кабатка көтөрүлүштү. Бул жер мышыктардын да мекени болчу, анда-санда мяулап чыга калышкан мышыктардан чочуп кетишип дабыш чыккан жакка жалт карашты. Он мүнөттө экинчи кабатын текшерип бүтүшүп үчүнчү

кабатына көтөрүлүштү.  Өзүнө жакындап келатышкан душмандарын сезе Диана коргонгонго бир нерсе сезди. Балдар ойноп таштап кетишкенби же курулушчулардан калдыбы узундугу бир кулачтай келген учу шиш темир таап алды. Тигилерге

байкатпай кол салып, эгер байкап калышса ушул шиш казык менен жанына жолотпой коргоном деп ойлоду. Башка айла жок эле. Өзүн коргой, калкалай турган эч ким болбогондуктан өзүнө-өзү ишенип, бир чечимге келиш керек болчу. Эң акыркы чечим айла кеткеде бешинчи кабаттан боюн таштамак. Ылдый жактан кез-кез кобурашкан үндөр кулагына угулуп атты. Ал үндөр улам жакындаган сайын алардан качып, алыстап, үстүңкү кабатка көтөрүлө берди. Экөө тогуз кабаттуу үйдү текшерип

чыгышканча бир топ убакыт өтмөк. Алардын артынан дагы эки адам кирди.

Улам өйдөлөп кача баргенде акыркы кабатка жетип акыры эч жакка кете албай баары бир колго түшүп бермек. Диана башка нерсе ойлоп тапты. Бөлмөлөрдү кыдырып тигилер башка жакта жүргөндө, төмөн карай «ойт» бери кетүүнү чечти. Али бүтө элек тепкичтер менен төмөн жактагылардын дабышын тыңшап турду. Алардын дабыштары жакындаганда шып этип ууру

мышыкча кичине бөлмөгө кирип кетти да бекинип калды.

— Сен тигил жакты текшерип чык, мен бул үйдү карап чыгайын, — жетичи кабатка көтөрүлүп келишкен эки адам экиге бөлүнүшө эки жакка кетишти. Алардын дабыштары чыкпай калганда «лып» эте бөлмөдөн атып чыкты да тепкичтер менен дабыш билгизбей төмөн карай чуркап кетти. Алдынан чыга калып кармап калчудай болуп жүрөгү лакылдап өтө эле сактык менен дабыш угулбайбы дегендей токтой тыңшай калып, төмөн көздөй түшүп келатты. Кокусунан эки адамдын сүйлөшкөн сөздөрү чукул эле жерден чыкты.

— Бул кабатты текшеришти беле?

— Менимче текшеришсе керек, ошентсе да бир сыйра көз жүгүртүп коёлу.

Диана дароо ордуна каткан казыктай болуп туруп калды. Алиги сүйлөшкөн сөздөр алыстап кеткенде тепкичтер менен кайра

төмөн карай бутунун учу менен желе дабыш чыгарбай чуркап жөнөдү. Экинчи кабатка жеткенде бирөө желкесинен кармагандай дароо тып токтоду. Биринчи кабаттын эшигинин алдында бирөө «сотовый» телефон аркылуу кимдир бирөө менен сүйлөшүп жатыптыр. Анын сөздөрү даана угулуп жатты бул жакка.

— Ооба, биздин адамдар ар бир кабатын, ар бир бөлмөсүн эч нерсесин калтырбай текшерип жатышат… Албетте, аны сыртка

качып чыкканга мүмкүнчүлүк бербейбиз. Эгерде чын эле бул үйдө болсо жердин жети катмарына кирип жашынып калса да таап алабыз… Ооба, үйдүн сыртын да кайтарып турушат, ал жактан чыгып кете албайт… Сөзсүз да, дагы бир сыйрадан

текшерттирип чыгам. Эгер бул үйдө жашынып жүргөн болсо сөзсүз кармайбыз. Жок болсо ушу сыяктуу башка ээн үйлөргө барабыз, ал Ташкенден сыртка качып кете элек, азырынча бул жакта эле, сто процент гарантия бере алам. Анткени чет жакаларды катуу көзөмөлгө алып атабыз. Хорошо, хорошо, ладна… Диана артка кетенчиктеди. Кайра үстүнө көтөрүлгөнгө мүмкүн эмес болчу. Босогодо сүйлөшүп жаткан киши сыртка чыгып машине жакка басып кетти. Үстү жактан басып келатышкан дабыштарды уга коюп жакынкы бөлмөгө кире качты. Бир кезде дабыш тымтырс болуп калды. Короодо тээ алыс жакта сүйлөшүп аткандары угулуп жатты. «Демек, точно эле ошолор экен да. Менин бул жакта экенимди билип калышып, атайын издеп келишти болду бекенби же жөн гана бул жакты издеп чыгышканбы. Балким тигил эселек балдар айтып коюулары мүмкүн беле кимдир бирөөлөргө? Ким билет? Бирок менин оюмча ээн үйдү жөн эле текшерип жүрүшсө керек. Анткени бул жакта жок болсо башка ээн үйлөрдү да текшеребиз деп айтпадыбы тигил телефон менен сүйлөшкөнү. Ээ Кудайым кармалбасам экен… Кой тигилер келип калыша электе подвалга түшүп кетейин». Диана акырын сыртка баш бакты да эч кимдин жок экенин биле тепкич менен үйдүн эң алдыңкы жер төлөөсүнө кирип кетти. Бул жак үстүнкү кабатка салыштырмалуу кичине караңгыраак болчу. «Баары бир мени кармап алышат, таап алышат. Эмне кылсам?» башын ылдый кыла ойлонуп туруп калды. Так эле бет маңдайында жаткан чала жабылган темсир люктун капкагыа көзү уруна түштү. Эки жакты бир сыйра карап алып ага дароо жетип барды да колундагы шиш казыгы менен болгон күчүнө салып ары карай жылдыра баштады. Бир киши баткандай кылып жылдырып ичине көз жүгүрттү. Төмөн жагы кенен анан эч нерсе көрүнбөгөн караңгы экен. Ылдый карай түшкөн темир тепкичти көрө коюп, дароо ичине кирди да мурункудай кылып чала жаап койду. Анан тепкич менен төмөн карай түшүп кетти. Тереңдиги беш-алты метрдей экен, таманы жерге тийгенде гана тээ жогору жагына көз жүгүрттү. Чала жабылган капкактан анча-мынча жарык кирип турат. Төмөн жак капкараңгы, эч нерсе көрүнбөйт. Чыйылдаган үндөргө кулак төшөй аз-аз жерден бакырып жибере жаздады. Келемиштердин ары- бери чуркап жүргөнүн кадимкидей сезип жатты. Жылаңайлак буттарын тиштеп жиберип, кайра алыстап кетишүүдө. Аларды «кыш-кыш» деп кубалап, өзүн араң кармап турду. Буларга карагада тигил жактын душмандары коркунучтураак болчу. Арадан жарым саат өтүп өтпөй жогору жактан адамдардын сүйлөшкөн сөздөрү угула баштады.

— Үстүн бүт текшерип чыктыңарбы?

— Ооба, бир эмес эки-үч сыйра текшердик. Эч кандай шек-шыбаа жок… Подвалда деле эч ким жашабаса керек, карачы муздак

бул жак аябай.

— Бул люктун ичин карадыңарбы?  Диананын жүрөгү оозуна кептелди, азыр ачат дагы мени кармап алышат деп ойлоду.

— Жана караганбыз, даже ичине түшүп текшергенбиз, крысалардан башка эч нерсе жок. Ал жакка түшсөң крысага таланып

өлчүдөйсүң…

— Анан эмне оозу чала жабылып турат?

— Жана толук жаппай кеткем…

— Ошентсе да дагы бир сыйра кирип текшерип чык.

— Кирсең өзүң кир, мен кирбейм, жана крысаларга таланып өлүп кала жаздадым.

— Ну ладна, кеттик анда, сыягы бул жакка ал келбесе керек.

— Точно.

Кобурашкан үндөр улам алыстап отуруп угулбай калды. Бир аздан кийин машиненин от алган үнү чыгып, акырындап алыстап кетти. Эртеден бери келемиштерге ар кайсы жерлерин тиштетип араң чыдап турган Диана дароо темир тепкичтер менен жогору көтөрүлдү. Далысында жабышып жүргөн келемиштерди колу менен силкип кагып таштады. Капкакка жакындап келип бир аз эсин жыйып турду да, балким калп эле кетимиш болуп аңдып турушпасы деп демин ичине ала сырт жакка кулак төшөдү. Жымжырт, тымтырс. Кез-кез гана тээ алыстан кишилердин, машинелердин үндөрү угулуп атты. Колун жогору көтөрүп, болгон күчү менен чымыркаып капкакты ары көздөй жылдырды да үстүнө көтөрүлүп чыгып шалдайып отуруп калды. Анан башын созуп люктун ичин төмөн жакты карады. Чоң эрдик көрсөткөндөй эмнегедир өзүнөн өзү күлкүсү келе баштады. «Тобо, келемиштер жыбыраган ушундай караңгы жерге башымдан ылдый алтын куям десе да даап түшө албайт элем».

 

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE