Пример HTML-страницы

Раззаков шаарында ондогон адамдар тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 22-апрель күнү Баткен облусунда жүргөн селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, кечээ катуу жаандан улам Лейлек, Баткен району жана Кызыл-Кыя шаарында сел жүргөн. Лейлек районунун Раззаков шаарында 22 үйдүн ичине, 24 жер төлөсүнө, 46 чарбакка, 13 чарбалык имаратка, 3 мал сарайга кирген селди тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул иштерге Лейлек ӨКБдан 40, Сүлүктү ӨКБдан 8 куткаруучу, 2 техника жана 5 мотопомпо тартылган. Бүгүн, 23-апрелге карата Сүлүктү шаарынан 9 куткаруучу, Раззаков шаарынан ыктыярдуу топ, жергиликтүү 50 тургун жана трактор жана водовоз тартылды. Натыйжада калган 5 үйдүн короосу, 6 жертөлөнү тазалоо иштери улантылууда.

Кызыл-Кыя шаарындагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн шаардык ӨКБ 29, Кадамжай райондук ӨКБнөн 5 өрт куткаруучу, №4 ӨМТКВнан 17 куткаруучу, 2 техника, 10 мотопомпо, жергиликтүү бийликтен 3 бирдик эксковатор, жүктөгүч, тазалык ишканасынан 2 водовоз, бүгүн дагы Кадамжайдан 7 куткаруучу тартылды. Натыйжада көп кабаттуу 3 үйдүн ичинен, 2 үйдүн жер төлөсүнөн сел суулары калдыктары тазаланып, 1 үйдө тазалоо иштери улантылууда. Ал эми 30 үйдүн короосу толугу менен тазаланды.

Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүн аймагынын Эки-Таш тилкесинде, тактап айтканда Ош–Баткен–Раззаков унаа жолунун 265-166-чакырымында №2 жол тейлөө ишканасынын жүктөгүч жана самосвал техникасынын жардамы менен жол каттам толугу менен калыбына келтирилди. Ал эми Кыштут, Төрт-Гүл жана Дара айыл өкмөтүнүн аймагында да ӨКМден ыкчам топ жана Жарандык коргонуунун күч каражаттары жумуш алып барууда.

Кадамжай районунда Орозбеков айыл өкмөтүнүн Таш-Булак сел жүрүүчү сайында, Жоо-Кесек жана Пүшкөн сел жүрүүчү сайында сел аккан. Ички чарбалык жолдун айрым жерлерине келген сел калдыктарын тазалоого 2 жүктөгүч тартылып, калыбына келтирүү иштери толугу менен аяктады.

——————————————————————

ӨКМ кечээ, 22-апрелде саат 14:00 чамасында нөшөрлөгөн жамгырдан улам Баткен облусунун Лейлек, Баткен райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарында сел жүргөнүн кабарлаган.

Маалым болгондой, Раззаков шаарынын Ак-Булак, Нооданек, 1-кичи районунун Откорм участкаларында саат 15:20да тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Лейлек райондук ӨКБнын башчысы, майор Б.Атакулов баштаган ыкчам топ, 40 өрт өчүрүүчү-куткаруучу, 2 техника жана 3 даана мотопомпо, КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынан 1 даана мотопомпо жана Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адиси, ошондой эле Сүлүктү шаардык №52 ӨККБ 8 өрт өчүрүүчү-куткаруучу жана 1 даана мотопомпо, Раззаков шаарынын мэриясынан 20 кызматкер, жүктөгүч жана грейдер тартылган.

Ал эми Кызыл-Кыя шаарында алдын ала маалымат боюнча, саат 15:00 чамасында жаандын кесепитинен Чехов, Токтогул көчөлөрүндө, 15-кичи районунда сел суулары жүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE