Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөгү 5 балалуу адам менен бейтааныш кыздын ызы-чуусу

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТүп райондук соту баңгизат боюнча кармалган адамга 2024-жылдын 19-мартында өкүм чыгарды. Turmush басылмасы окуянын чоо-жайын баяндайт.

  • Айыпталуучу Асылбай (аты өзгөртүлдү Д.А.А.) Түп районуна караштуу Түп айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы. Мурда соттолгон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү, ири өлчөмдө сатуу максаты жок жасоо) менен айып тагылган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, 2024-жылдын 21-январында Түп районундагы айылдардын биринин 1994-жылы туулган тургуну Гүлүмкан (аты өзгөртүлдү Б.Г.К.) милицияга арыз менен кайрылган. Ал 21-январь күнү Түп айылындагы дүкөндөн белгисиз адам оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, аброюна шек келтиргенин билдирген.

Аталган арыз боюнча текшерүү иштери башталган. Анын жүрүшүндө Гүлүмканды сөккөн адам Асылбай экени такталган. Ал Түп РИИБдин имаратына жеткирилип, кароо жүргүзүп жаткан учурда кышкы курткасынын чөнтөгүнөн желим баштыкка салынган, спецификалык жыты бар зат табылган. Бул боюнча айыптоо актысы түзүлүп, кылмыш иш соттук кароого жиберилген.

  • Соттук-химиялык экспертизанын 2024-жылдын 31-январындагы корутундусуна ылайык, табылган зат 29 грамм 905 милиграмм марихуана экени такталган. Медициналык комиссиянын 2024-жылдын 22-февралындагы корутундусуна ылайык, Асылбай наркоманиядан жабыр тартпайт жана мажбурлап дарыланууга муктаж эмес деп табылган.

Асылбай сотто күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Ал 21-январь күнү өзүнүн тааныштары менен бирге айылда арак ичип, ичимдик түгөнгөндө дүкөнгө барган. Ал жерден классташ кызына окшоштуруп бир кызды кучактаса, ал классташы эмес болуп чыккан. Анан ал кыз милиция кайрылган. Өзүн болсо милиционерлер кармап алып, текшергенде жанынан кара куурай чөбү чыккан. Кара куурайды кошунасынын чөбүнүн арасынан таап терип алган. Асылбай соттон кечирим сурап экинчи кайталанбастыгын, арамагында жашы жете элек 5 баласы бар экенин айтып, эң аз өлчөмдө айып салууну суранды.

Соттун өкүмү:

Сот иштин материалдарын карап чыгып, Асылбайды Кылмыш-Жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүмү (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү, ири өлчөмдө сатуу максаты жок жасоо) менен айыптуу деп таап, 100 миң сом айып пул салды.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE