Пример HTML-страницы

Токтогулдагы 3 айылда 3 сейил бак пайдаланууга берилет

Акыркы жанылыктар

TurmushТоктогул районуна караштуу Кетмен-Дөбө айыл аймагында быйыл 3 сейил бак пайдаланууга берилет. Бул тууралуу аталган айыл аймактан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Терек-Суу айылындагы сейил бактын жалпы аянты 70 сотых жерди түзөт. Андагы бактын айланасы тосулуп, таштаман төшөлүп, олтургучтар коюлуп, түнкү чырактар орнотулган. Бул сейил бакты 9-май — Жеңиш күнүндө пайдаланууга берүү пландалууда. Ал жайга жалпы 250дөн ашуун туя, карагайдын көчөттөрү олтургузулган.

Мазар-Суу айылындагы сейил бактын жалпы аянты 75 сотых жерди түзөт. Айланасы тосмолонуп, көчөт олтургузулган.

Ал эми Чон-Арык айылында 60 сотых жерге сейил бак түзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE