Пример HTML-страницы

«Альянс Алтын» Талас облусунда экологиялык долбоорлорду колдойт

Акыркы жанылыктар

Turmush2024-жылдын 19-апрелинде Талас облусундагы Жерүй алтын кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясы тарабынан Талас шаарында «Экологиялык диалог: Келечекке көз чаптыруу» аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү.

Тегерек столго президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, экологдор, илимий кызматкерлер, студенттер, суу чарба, өзгөчө кырдаалдар, мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардын, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Катышуучулар Таластагы экологиялык көйгөйлөрдү талкуулашты.

2023-жылы дагы компания тарабынан «Коопсуз чөйрө — коопсуз өлкө» аталышындагы тегерек стол уюштурулуп, жыйынтыгында Талас облусунда маштабдуу ишембилик өткөн. Анда жайкы эс алуу сезонунан кийинки Талас токою тазаланып, Талас шаарынан эле 10 тоннага жакын таштанды чыгарылган.

Тегерек столдо жөн гана көйгөйлөр айтылбай, аны чече турган сунуштарды берүү талап кылынды. Демилгенин максаты — Таластын табиятына коркунуч келтирген аракеттердин алдын алуу жана биргеликте иш алып баруу.

Экологиялык коопсуздукту камсыздоону ортого салган талкуунун жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Анда Талас облусун жашылдандыруу, сууну үнөмдүү пайдалануу, тазалоо, таштандылдарды сорттоо, өрт кырсыгынын алдын алуу жана токой аянттарын таза кармоо боюнча айтылган сунуштар жазылып алынды.

«Альянс Алтын» компаниясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Асман Ташматовдун айтымында, катышуучулар тарабынан 8 сунуш түшкөн. Алдыда алардын кайсынысы колдоого алынары жана канча каражат бөлүнөрү тууралуу чечим чыгарылат.

«Альянс Алтын» компаниясынын алдындагы өнүктүрүү фонду тарабынан ушул убакытка чейин экологиялык долбоорлорду колдоого 50 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөн.

Аталган иш-чарада Жерүй алтын кенинин дагы экологияга тийгизген таасири тууралуу талкуу болду. Талкууга катышып жаткан экологдор компаниянын ишмердүүлүгү ар дайым көзөмөлдө болуп, текшерүүлөр жүргүзүлүп келгенин жана 9 жыл аралыгында ири катачылыктарды кетирбегенин баса белгилешти.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгынын башчысы Бекмурза Ашымов компаниянын экологиялык долбоорлорго жакын экенин айтып, облустун аймагындагы айылдарда жана Талас шаарындагы таштынды жайларын курчап берүү, беккари чуңкурларын даярдоодо каржылык жактан колдоо боюнча «Альянс Алтын» компаниясына сунуштама бергенин кошумчалады.

«Альянс Алтын» компаниясы өзүнүн ишмердүүлүгүн ачык жүргүзөт. Компаниянын коомчулук менен байланыш бөлүмү ар ай сайын «Жерүй Жарчысы» маалыматтык китепчелерин таратып турат. Ал китепчеде компаниянын бир ай ичинде аткарган иштери, облусттун өнүгүүсүнө которулган каражатар, ишке ашкан долбоорлор жана башка маалыматтар бар.

Андан тышкары бийлик өкүлдөрү, жарандык коом, жергиликтүү тургундар, кызыктар тараптын баары менен тыгыз иштешип, аларга ачык-айкын маалымат берип, кендин өндүрүштүк аймагына чакырып, тааныштырып турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE