Пример HTML-страницы

Садовой айылында эки унаа кагышты. Видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 25-апрелде саат 13:35 чамасында Чүй облусунун Москва районуна караштуу Садовой айылында эки унаа кагышты. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.

«Бишкек шаарынан Кара-Балта тарапка бара жатканбыз. Садовой айылына жеткенде эки унаа кагышканын көрдүк. Биздин оюбузча, Бишкек—Кара-Балта багыты боюнча бара жаткан «Жигули» үлгүсүндөгү унаа жолдун экинчи тилкесине бурулганда, Бишкек тарапка бара жаткан «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаа сүзгөн», — деди күбөлөр.

Ал эми райондук ЖКККБ бул жол кырсыгынын катталганын тастыктап, унаалар айып короого киргизилгенин билдирди.

Катталган жол кырсыгында жабыркагандар жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE