Пример HTML-страницы

Токтогулда 60 жаштагы тургун кармалды. Анын үйүнөн баңгизат табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Токтогул районунда баңгизат саткан шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 24-25-апрель күндөрү Токтогул милициясы тарабынан өткөрүлүп жаткан «Издөө» операциясы учурунда баңгизатка байланышкан кылмыштын бети ачылды. Токтогул районунун 60 жаштагы тургуну Ш.Н.нын шымынын оң чөнтөгүнөн бир даана тамекиге кошулуп атайын чегүүгө даярдалган салмагы 5 граммды түзгөн баңгизат табылган. Ошондой эле жашаган үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда Ш.Н. өз ыктыяры менен үйүнөн ар башка желим баштыкка салынган жалпы салмагы 3 килограммдан ашуун өзгөчө кескин жыты бар баңгизатка окшогон заттар алынган.

Бул материалдар Токтогул РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголуп, тийешелүү экспертизалар дайындалган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE