Пример HTML-страницы

АДАМДЫ ҮНСҮЗ АБАЛГА ЖЕТКИРБЕ! 

https://kyrgyzcha.site/?p=56896&preview=true Пайдалуу кеңештер.

АДАМДЫ ҮНСҮЗ АБАЛГА ЖЕТКИРБЕ!

️ Көпкө чыдаган адам, үнсүз кетет.

Анткени көңүл ооруткан адамдын жакшы сөзү дагы таасирин жоготот.

 

🔹️Кээ бир инсандар, эртеңкисин ойлонбостон өздөрүнүн катуу сөзү жана мамилеси менен жакындарынын жүрөгүн жаралап келишет. Алы жеткен адамды моралдык кысымга алып, бүт жашоосун бийлеп, роботтой башкарып рахат алып жашоону сүйөт. Жараланган жүрөктүн

▪️жеке каалоосу,

▪️ көз карашы,

▪️ ой пикири жана бул жашоодо, эч ким толтура алгыс орду бар экенин эске албайт.

 

🔹️ Чыдаган сайын «сен чыдаганга милдетүүсүң» деген талапты коюп, мурункудан да катаал мамиле жасай баштайт.

▪️ Өзүн кудай сезип,

▪️өпкөлөнүп,

▪️төшүн каккылып «мен ага каалагандай сүйлөйм же мамиле кылам» деп ойлойт.

 

Жүрөктү жаралоо менен өзүн күчтүү сезип, бийиктикке жеткендей жыргап алат. Ал адамдын жаман мүнөзүнө канчалык чыдап, басынган сайын, текебердиги күч алат. Жакшы эмес жаман жагына өзгөрө баштайт.

 

🔹️ Эх акылсыз адам! Барган сайын көзү көр, кулагы чындыкты сүйбөй баштайт. Өзүнө такыр чаң жугузкусу келбейт. Өзүмчүл сүйүүгө байланат. Жакынына каттуу сөз сүйлөө менен өзү бир да сөз көтөрө албаган адам экенин мойнуна алгысы келбейт. Бүт жактан актанып жакынына эмес, сырттагы адамдарга жакшы көрүнүүнү жана аларга уят болбогонго аракет кылат.

 

Бирок эң жакын адамы, сырттагы адамдардан керек адам экенин унутат. Оюнда «ар дайым мен каалагандай жашоо болот» деп, жалган үмүт менен өзүн шыктандырып жашап келет. Сырткы адамдардын көз карашы ал үчүн эң чоң ролду ойнойт. Анткени ал адамдын корккону жана алсыз жери

▪️алсыз көрүнүү,

▪️кур намыстык,

▪️басынып калуу,

▪️уятка калуу.

 

🔹️ Өкүнүчтүүсү, жан дүйнө дегенди такыр түшүнбөйт. Көңүл оорутууну оңой көрөт. Жакынын көз жашына кайдыгер карайт. Анын түйшүгүнө жана оорусуна таш боор мамиле кылат. Өмүр бою өзүнө керек адам экенин унутуп жакынын, өзүмчүл сүйүүсүн канаттандыруу үчүн пайдаланып жашоого көнө баштайт. Бирок жакынынын жүрөгү күндөн-күнгө андан алыстап атканын ойлонуп да койбойт.

 

🔹️ Көпкө чыдаган жакыны, акыры үнсүз кетүүгө бел байлайт.

 

Эмне үчүн үнсүз калууну туура көрөт?

 

Себеби

▪️жүрөгүнүн эшиги бардык адамга эмес, бир адам үчүн каттуу жабылат.

▪️Ал адамга болгон ишенимин жоготот, кайра ишенгиси келбейт.

▪️Ал адамды жашоосуна аралыштырууну каалабайт.

 

▪️ Үнсүз жооп, көп пайдасыз сөздөн жакшы экенин түшүнөт.

▪️Мурунку жаманды гана эмес, жакшыны да эстегиси келбейт.

▪️Керексиз, үмүтсүз сөздөр менен ойлорун жаманга толтурууну каалабайт.

 

🔹️ Адам темир эмес тура. Тирүү жан болгон соң чарчайт, тажайт, тынчтыкты эңсейт. Ошол үчүн жакын адамды үнсүз абалга жеткирбөө маанилүү. Сен менен бир да сөздү бөлүшкүсү келбеген адам, үнсүз калат. Бул, ал адамдын алдында кадырыңдын кеткени жана мындан ары жакшы сөзүң менен да таасир бере албай калганыңдын белгиси.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE