Пример HTML-страницы

Талас районунда кыян жүрдү. Видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТалас районунда катуу жааган жаандан улам айылдарда кыян жүрдү. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Маалым болгондой, Талас шаардык №17 ӨКБга саат 18:57де Талас районунун Кең-Кол айылындагы Семетей көчөсүндө турак үйлөрдү сел суулары каптап жатат деген маалымат түшкөн. Жерине 5 куткаруучу тартылган.

Ошондой эле, саат 17:50 чамасында Талас районунун Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылынын күн батыш тарабында талаадан түшкөн сел Талас—Тараз—Суусамыр автоунаа жолун каптаган. Жерине Талас району боюнча ӨКБнын башчысы Э.Курмарбаев жана 3 куткаруучу топ, айыл өкмөттүн кызматкерлери чыгышкан.

Саат 17:56 чамасында Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат айылынын ички көчөлөрүн талаадан түшкөн сел каптаган. Жерине Талас району боюнча №101 ӨКБнын башчысы Э.Курманбаев, 3 куткаруучу топ, айыл өкмөттүн кызматкерлери чыгышкан.

Талас районунун Долоно айыл аймагынын Ак-Жар айылынын ички көчөлөрүн сел суулары каптаган. Жерине КР ӨКМдин Талас облустук башкармалынын башчысы У.Тамабаев ыкчам топ менен саат 19:35де чыгып кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE