Пример HTML-страницы

Оштогу ага-ининин, 3 классташ кыздын өлүмүнөн кийин негизделген айыл. Ал жерге облус жетекчилиги барды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районунун Баш-Булак (мурунку Катта-Талдык) айыл аймагынын алыскы Кара-Сөгөт айылындагы абалды жеринен көрүштү. Бул тууралуу президенттин Оштогу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, облус башчысы Элчибек Жантаев аталган айылга барды. Бул аймакта 2004-жылы көлөмү болжол менен 62 500 метр кубду түзгөн жер көчкү активдешип, сайдын нугунда мектепке бара жаткан 5 окуучуну басып калган.

Облус башчысы аталган аймакта алдын алуу профилактикалык иштер кандай жүргүзүлгөнүн, нөшөрлөп жааган жамгырдын азыркы коркунучу жана зыяны боюнча өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов менен бирге жеринен көрүп, айыл тургундарынын суроо-талаптарына жооп берди. Ошондой эле дамбаны бекемдөө, мектеп көпүрөсүн куруу үчүн жабдуулар, техника, күйүүчү май жана башка маселелер боюнча жетекчилерге тапшырма берилди.

Жергиликтүү калк буга чейин эч ким кабар албаганын билдирди. Облус жетекчилиги тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жергиликтүү бийликтин жана тиешелүү кызматтардын сунуштарын аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Бул участкадан турак жайларды кооптуу жерден коопсуз жайга көчүрүү боюнча ӨКМ тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуш берилген. Сунуштун негизинде Бишкек—Ош унаа жолунун жээгиндеги Кайрагач участкасынан 89 тилке бөлүнгөн. Мындан сырткары Катта-Талдык айыл аймагынын Ачы участкасынан жер бөлүнгөн. Жер көчкү басып калган аймакка Манас айылы негизделген.

Turmush 2019-жылы Ачы айылынын бир бөлүгү Манас деп аталып калганын жазган. Себеби 2004-жылы апрель айында аталган айыл аймакка караштуу Кара-Сөгөт айылынын жогору тарабында ири жер көчкү катталган. Анын кесепетинен 5 окуучу каза болгон. Маркум окуучулардын биринин ысымы Манас болчу.

Жер көчкүнүн алдында калып калган окуучулар Б.Алыкулов атындагы орто мектептин башталгыч классынын окуучулары болгон. Окуя болгон күнү алар адаттагыдай эле сабакка бара жатышкан.

«Убактысын так билбейм. Окуучулар Сары-Дөң деп аталган талаанын алдындагы жалгыз аяк жол менен мектепке барып келишчү. Ал жол тоонун боорунан өтөт. Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, балдар жер көчкүдөн качканга үлгүрбөй калышыптыр. Алардын бири 1995-жылы туулган Манас аттуу бала болсо, анын бир тууган агасы Азамат да каза болгон. Анан Манас менен бирге окуган 3 кыз мерт кеткен. Аталган жер көчкүдөн кийин ӨКМ коопсуз аймакта жашаган 28 үй-бүлөнү Ачы айылынын бош аймактарына көчүрүп келген. Бир үй-бүлөдөн эки уул каза болгон үчүн биз жашаган аймакты Манас деп атоо сунушталган. Манаста эки көчө бар. Бири Азамат көчөсү, бир көчөгө Наристе деген аталыш ыйгарылган. Жер көчкүнүн алдында калган балдар мектепте окушса да, наристе болушчу. Азыр биздин конуш айыл макамын ала элек. Бирок аракет кылып жатабыз», — деген Манас конушунун башчысы Нурлан Калыев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE