Пример HTML-страницы

Кызыл-Кыяда батирде бекилип калган бир туугандар куткарылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКызыл-Кыя шаарында батирде бекилип калган балдар куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, куткаруучуларга кечээ, 19-апрелде түнкү саат 22:59да Кызыл-Кыя шаарындагы көп кабаттуу үйдүн батиринде жаш балдар бекилип калгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Батирде 3 жаштагы наристе жана 8 жаштагы жеткинчек — бир туугандар болгон.

Жерине саат 23:01де №62 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 2 өрт өчүрүүчү-куткаруучу атайын өрт өчүрүүчү унаасы менен чыгып, саат 23:12де балдарды аман-эсен жакындарына өткөрүп беришкен.

Балдардын абалы туруктуу. Жабыркагандар жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE